Menu

Садыр Жапаров, президенттин милдетин аткаруучу: “Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион эмес, 10 миллион сом кетет”

Бөлүшүү:

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ак үйдү оңдоо үчүн 450 миллион сом талап кылынарын четке какты. Бул тууралуу кечээ, 25-октябрда ал өзүнүн Инстаграм баракчасында жарыялады.

“Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул парламенттик шайлоого жумшалган каражат. Аны Ак үйдүн чыгымы экен деп адашып айтып жатышат. Аталган имаратты оңдоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыккам, 10 миллион сомго жетпеген каражат кетет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт”, – деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, 6-октябрга караган түнү Бишкекте болгон башаламандык учурунда талкаланган “Ак үйдү” калыбына келтирүү үчүн керек деп болжолдонгон 450 миллион сомду азыр Садыр Жапаровдун кеңешчиси Акылбек Жапаров атаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: