Menu

Жогорку Соттун төрайымы Чаткалга барды

Бөлүшүү:

Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып келди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапар учурунда Токбаева Чаткал райондук сотунун акыбалы жана материалдык-техникалык базасынын шарттарын көрүп чыгыкты жана райондук соттун жаңы имаратын куруу боюнча даярдык менен таанышты. Жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан соттун жаңы имаратын куруу үчүн 20 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилди, ал жер тилке Жалал-Абад-Чаткал негизги автоунаа жолунун жанында жайгашкан. Бул маселе боюнча курулуштун жана райондук соттун эксплуатациясына берилүүнү тездетүүнү белгилеп кетти, анткени бул соттун имараты бала-бакчанын имаратынын биринде жайгашкан. Наристелер менен соттун бир жерде жайгашканы кайсы тараптан карабасак да туура эмес.

Мындан сырткары жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тарабынан судьялардын кызматтык батиринин түзөтүү, оңдоо иштери үчүн 70 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Мындан сырткары, Жогорку Соттун төрайымы жергиликтүү соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жолугушуп, ал жерден маектешип, алардын ойлорун жана келечектеги пландарын укту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: