Президент Алмазбек Атамбаев өткөндө «Бир Бол» партиясындагы бакиевдердин «куйруктарын» тизмектебеди беле? Президенттин сөзүнөн соң «Бир Бол» партиясынын анабашчыларынын артын казуу жараяны башталарын эшиттик. Ушул күндөрү партия жетекчилеринин бири өткөн парламенттик шайлоонун астында өлкөбүздөгү эң алдыңкы бай, кайрымдуу ишкерлердин биринен 500 миңге чукул үлкөн «жашылбай» алып, анысын бербей жүргөнү, аргасы кеткен колу ачык ишкер сотко кайрыларын угуп калдык. Бирөөнөн карызга акча алып, депутаттык мандатты пулдап, саясатка келип, оң-тетири сүйлөштүн эмне кереги бар десең? «Бир Болдогу» бакиевдердин кайсы “бөлтүрүгү” болду экен ыя?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ