9-мартта “Кабар” агенттигинин журналисти Эмилбек Момуновго белгисиз жаран телефон чалып, орой жана уят сөздөр менен сөгүнгөн. Ал Эмилбек Момуновду “өлтүрүп кетем” деп коркутууларга чейин барган. Аталган журналист бул тууралуу А.Атамбаевге, УКМК төрагасы Адил Сегизбаевге, ИИМ министри Мелис Турганбаевге расмий кат жолдогон.
Жыйынтыгында Эмилбек Момуновду телефон чалып коркуткан жаранды Свердлов РИИБнин кызматкерлери тапкан. Аймактык тескөөчү Алтынбек Нишановдун айтымына караганда Халил аттуу жаран экени тастыкталып,”Дордойдо” таксист болуп иштейт. “Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал, журналист Эмилбек Момуновдун тизе бүгүп кечирим сурады”- деп билдирди аймактык тескөөчү.
Гүлжан Шерипбаева, kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ