Кечээ, 28-июнда Роза Отунбаеванын апасы Салийка Даниярова 95 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу “Р.Отунбаеванын демилгелер фондунун” маалымат кызматы журналисттерге билдирди.
Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районундагы Кеңеш айылында туулган.
Орто мектепти аяктагандан кийин, 1952-жылы Нарын педагогикалык училищесине башталгыч класстын адистиги боюнча тапшырган. Дээрлик 10 жыл бою Нарын шаарындагы Токтогул орто мектебинде эмгектенген.
1963-жылы И.Отунбевди, С.Даниярованын күйөөсүн жумушунан Ошко которушат. С.Даниярова Ош шаарында Терешкова мектеп-интернатында иштей баштаган.
1964-жылы Салийка Даниярова Ош педагогикалык институтунун биология факультетине тапшырган.
1967-жылы күйөөсү борборго жаңы жумушка которулганда, Фрунзе шаарындагы №1 спорт мектеп-интернатына которулуп, 1975-жылы пенсияга чыкканга чейин иштеген.
Салийка Даниярова көп жылдык педагогикалык ишмердүүлүгүндө бир катар коомдук жана мамлекеттик ишмерлерди, атактуу спортсмендерди, мугалим жана агартуучуларды окуткан.
Ал эми үй-бүлөсүндө 8 баланы, ондогон неберелерин жана чөбөрөлөрүн чоңойтуп, тарбиялады.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 30-июнда өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ