Menu

Видео – Адахан Мадумаров менен Ырыскелди Момбековдун кайым айтышы коомчулуктун бүйүрүн кызытты

Бөлүшүү:

11-декабрда “НТС” телеканалынын “Ар тарап” ток шоусунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, коомдук, саясий ишмер Адахан Мадумаров менен Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жана жаш саясатчы Адил Турдукуловдордун теледебаты телекөрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытып, бүгүнкү күнгө чейин социалдык тармактарда кызуу талаш-тартыштарды пайда кылууда. Ал күнү башкы тема азыркы парламенттин ишмердүүлүгүнө баа берүү болчу. Алгач сөз берилген Р. Момбеков өзү иштеген КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына “3” деген баа берсе, Адахан Мадумаров өзү иштеген IV чакырылышка “мен спикерликте 5 ай эле отургам, эгер ошол кыска убакытты бийлик десеңер бул нерсени бетиңерге жаап алгыла, жетпей калса башка жериңерге жапкыла. А силер СДПК 8 жыл бийликте олтуруп өлкөнү сызга олтургуздуңар”,-деди.

Мындан тышкары алар экөөсү бири-биринин жеке ишмердүүлүгүнө чейин сөз кылышып, А. Мадумаров “2010-жылы эле асмандан топ этип түшүп калдыңар, Төшүнө депутаттык значокту тагып алган, болгондо да мурдагы маданият министринин деңгээли ушул…” дегенде, Ы. Момбеков чычалап, “сен” дегенге өтүп кетти. Ошол теледебатты алып барган Адилет Айтикеевдин эртеси күнү Фейсбукка жазганына караганда, алар эфирден кийин да кайым айтышып, Ы. Момбеков сөгүнгөнгө чейин барыптыр. Ал тасманын видеосун 2 суткага жетпеген аралыкта Үоtubе социалдык тармагынан 87 миңден ашык адам көрсө, алардын 1700гө жакыны пикир жазышкан. Биздин баамыбызда пикир айтуучулардын 99%ы А. Мадумаровду колдоп,           Ы. Момбековду жек көрүү сезимин билдиришкен. Алардын бири,“Кыргыз кызы”деген колдонуучунун пикири төмөндөгүдөй (автордун жазганы өзгөртүүсүз берилди): “Мадумаровду Союз жоюлгандан бери тааныймын, эң жакшы эли жери үчүн кызмат кылган инсан. Биз үй-бүлөбүз менен тууган-уругубуз менен Адахан мырзаны президенттикке шайлайбыз. Бирок болбой калат, өкүнүчтүү. Адахан президент болбой калганда үйдө отуруп, жүрөгүмдөн ыйлаймын. Себеби жакшы инсан президент болбогону мага өкүнүчтүү. Жогорудагылар өздөрү билгендей шайлап коюшат, бул маңкурттук. Кудай буйруса жакшы келишим менен Сооронбай Шарипович президенттикти Адахан Мадумаровко өткөрүп берсе жакшы болот эле, таарыхта калат эле. Ошондуктан биз суранабыз Адаханга бийликти өткөрүп беришин. Кудай буйруса Кыргыз эли 90% Адахан мырзаны колдойбуз, буйруса президент болот. Эл агын суудай, эл көтөрүлсө эч ким токтото албайт” деп жазган.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: