Кыргызстанда дагы 41 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Жаңы учурлар:
– Бишкек шаарынан – 18 адам;
– Чүй облусунан – 6 адам;
– Ош шаарынан – 6 адам;
– Ош облусунан – 2 адам;
– Баткен облусунан – 1 адам;
– Ысык-Көл облусунан – 2 адам;
– Нарын облусунан – 3 адам;
– Нарын облусунан – 3 адам;
– Жалал-Абад облусунан – 3 адам;
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2207 адамга жетти.
Ал эми бул илдеттен 54 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 27 адам;
– Чүй облусунан – 3 адам;
– Ош шаарынан – 3 адам;
– Ош облусунан – 1 адам;
– Нарын облусунан – 20 адам;
Республика боюнча жалпы 1722 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бул илдеттен дагы бир бейтап каза болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ