Menu

Оорунун белгилери бар шайлоочуларга шайлоо участкасына саат 18:00дөн кийин келүү сунушталат

Бөлүшүү:

Оорунун белгилери бар шайлоочуларга шайлоо участкасына саат 18:00дөн кийин келүү сунушталат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Үгүт учурунда сиздер эрежелерди сактадыңыздар. Шайлоо күнү ушул эрежелерди сактайсыз деп ишенем. Шайлоо участкаларында, сизде оорунун белгилери байкалса, кечки саат алтыдан кийин келишиңизди суранат. Бардыгын туура кабыл алып, алтыдан кийин келип добуш берүүңүздү өтүнөбүз», – деди ал.

Бекматовдун айтымында, алтыдан кийин оорунун белгилери бар шайлоочуларга добуш берүүгө шарт түзүлөт.

Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда.

№1 “Биримдик”.

№2 “Мекенчил”.

№3 “Ыйман Нуру”.

№4 “Мекеним Кыргызстан”.

№5 “Реформа”.

№6 “Ата Мекен”.

№7 “Замандаш”.

№8 “Бүтүн Кыргызстан”.

№9 “Социал-демократтар”.

№10 “Мекен Ынтымагы”.

№11 Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы.

№12 “Ордо”.

№13 “Бир Бол”.

№14 “Республика”.

№15 “Кыргызстан”.

№16 “Чоң Казат”.

№17 Баарына каршы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: