Menu

Сузак РИИБнин тергөө изоляторунда жаткандардын сабалышы боюнча милиция атайын күчтөрдүн мыйзамсыз аракеттерин тапкан жок

Бөлүшүү:

Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалгандарга карата милиция тарабынан эч кандай мыйзамсыз аракеттер болгон жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдайт.

Алардын айтымы боюнча, 27-июнда тыюу салынган буюмдарды аныктоо үчүн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында тинтүү жүргүзүлгөн. Контингент менен кызматкерлердин ортосунда кастык мамилелер бар экендигин эске алып, “Шумкар” атайын күчтөрү тартылган. Убактылуу кармоочу жайда санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлүп, ага санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери да тартылган.

“Тинтүү учурунда тыюу салынган буюмдар камералардан табылды, анын ичинде уюлдук телефондор, SIM-карталар жана атайын даярдалган учтуу темирлер да бар. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки процесстин алкагында милиция тарабынан эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган эмес. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө тергөө изоляторунда отургандар тарабынан каршылык көрсөтүлгөн. Атайын контингент видеокамераларды сындырып, камералардын эшигин тепкилей баштаган. Буга чейин эки айыпталуучу – 30 жаштагы И.А. жана 31 жаштагы Ш.Ш. эч кандай себепсиз сот залында курсагын жарууга аракет кылышкан” – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: