Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакты-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Мамлекет башчылары кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын келечектүү маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу өз ара кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: