Бул окуя Кыргызстанда эмес, АКШнын Мичиган штатынын Детройт шаарында болгон. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыгышты.
Алардын айтымында, өрт өчүргүчтөр өрттөнүп жаткан үйдү өчүрүүнүн ордуна өрттүн фонунда сүрөткө түшүп, ал социалдык тармактарга тарап, алар коомчулуктун сынына кабылган. Аталган шаардын администрациянын өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, өрт чыккан үйдө эч ким жашабайт. Кызматкерлердин бири пенсияга чыгып жаткандыктан алар тобу менен эстеликке үйдүн фонунан сүрөткө түшүшкөн. Ал эми Детройт шаарынын өрт өчүрүү кызматынын комиссары Эрик Жон бул көрүнүштү жактырбай, ал профессионалдуулукка жатпасын баса белгилеп, аны териштирээрин айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ