Menu

Гулнур Асанова, ырчы: “Киного тартылбайм, көңүл калган…”

Бөлүшүү:

– Акыркы убактарда жаңы ырларыңды укпай калдык, чыгармачылык тыныгуудасыңбы? 

-Такыр эле чармачылыктан алыстадым же чыгармачылык тыныгуудамын дегенден алысмын. Кыш айларында эле жаңы ырымды жаадырып, ага клип тарттырып ыр сүйүүчүлөрүнүн сынына койгом.

Азыр деле куржунда ырдап чыксам деген элдик ырлар бар. Эмнегедир азыр эргүү жок. Сааты чыгып, убагы келгенде элиме мыкты элдик ырларды сунуштайм деген жакшы максатым бар.

-Кино менен элге таанылып актриса аталдың эле, киного тартылууну да токтоттуңбу?

-Ооба, киного тартылбайм. Анткени көңүлүм калган. Бул маселе туурасунда буга чейин да айтып келгем. Курманжан датка тасмасындагы көрүнүштөн кийин киного тартылбайм дегем.

-Бирок сунуштар түшүп турабы?

-Албетте, сунуштар болуп турат. Тасмага тартылууга эле эмес, продюсерлик кылып бер деген сунуштар да болууда. Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет дегендей, бир көңүл калгандан кийин андай сунуштарга макул дебей калат экенсиң. Азырынча бардык сунуштардан баш тартуудамын.

-Кандай ырларды элге алып чыксам дейсиң?

-Мен салтту музыканы алып жүрүүчүлөрдүн катарында болгондуктан ушул багыттагы ырларды гана аткарам. Дарк-дүрк эстрада менен хип-хо мен үчүн эмес.

– Сулуулук салонун иштете албай жабылып калыптыр деген сөздүн чындыгы барбы?

– Салон мурдагы тартибинде эле иштеп жатат. Болгону бөлмөлөрдү, ичиндеги эмеректерди ижарага берип салгам. Кыздар иштеп, алар ижарага алгандан кийин каалаганда келет, каалаганда тейлейт, киришпейм. Баса, азыр кыздар көлгө эс алууга кетишкен. Ошондон улам социалдык баракчага салонубуз эс алууга чыкты деген билдирүү жазгам. Ошол себептен улам эл салону жабылды деп ойлоп жатса керек. Эң кызыгы кыздар көлгө кетпей эле иштеп жатыптыр… Чынында мага кимдин качан иштегени маанилүү эмес. Салонго бир айда бир барам. Ал мен үчүн 2-пландагы бизнес. Башкы максатым чыгармачылыктагы бийиктиктерге жетүү.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: