Menu

Асейин Саралаев: “Көрдүк го, бир облустун ичинде Кочкор менен Нарын жайыт талашып эмне болдук? Ал эми казак менен кыргызды Каркырада жайыт талаштырып чабыштырбай, кыргызга көбүрөөк аянт алып, чечкендерге ыраазычылык”

Бөлүшүү:

Кочкордун кулуну, мурунку атамекенчи Асейин Саралаев “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана анын колдоочулары тууралу Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасында жаңы пост жазып жарыялады:

“Көп сөз жазат элем, бирок ток этер жерин эле айтайынчы… Сөздүн чыны Адахан Мадумаровдун колдоочуларына баа бердим. Мадумаровдун бир ийгилиги катары ал кишинин мыкты жаштардан турган колдоочулары бар экенин айтсак болчудай.

Сөөк кемирген дөбөттөрдөй кынжыйып келип алышып Мадумаровдун көлөкөсүнө ырылдап-ыркырап аткандарга өздөрүнө жараша жооп кайтарып жатышканын күнөөлөбөйм деле… Анан Каркыра жайлоосу боюнча казактар эмне дешет жана ошол жакта жашаган элдин пикири кандай болду экен деп иликтеп жатам.

Анан калп эле Курманбек Бакиевге асыла турган шылтоо таппай калгандар Адахан Мадумаровду бутага коюп алышып: “Каркыраны сатып салышкан” деп сопсонун чечилген чек ара маселесин козгоп жатышат. Жумалиев сыяктуулардан тарп артпай калып жыдып калышса да Бакиев менен Мадумаров мокочо болуп калыш керекпи?

Көрдүк го бир облустун ичинде Кочкор менен Нарын райондору эмне болдук жайыт талашып? Ал эми эки мамлекет ортосундагы чоң жайытты сызгыч менен чийгендей тактап, кыргыз тарапка көбүрөөк аянтты алып, эң башкысы жергиликтүү тургундардын мүдөсүн аткарып, эки эгиз элдин малчыларын бири-бири менен чабыштырбай чечип койгон Курманбек Бакиевге терең ыраазычылык билдиришибиз керек.

Атактуу казак акыны Жансүгировдун:

«Қарқара қалың қазақ кебесіндей,
Албанның албырт-ерке енесіндей.
Қарағай қапталдағы,
жыныс арша,
Қыдырлы малдың құтты
келесіндей.
Қарқара жарасымды
жазық жайлау,
Үй-күлше, құрттың
жайған өресіндей”,- деген керемет саптары бар экен…

Жакын арада Каркыранын аркы бетиндеги албан уруусунун казактарынан жана алардын оюу боюнча жайлоонун тарыхын баяндап берем. Ал эми Мадумаровдун командасына айтарым: сөз жок мыкты экенсиңер!” – деп жыйынтыктайт Асейин Саралаев.

Асейин Саралаев, блогер

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: