Menu

Турсунбек Акун: “Атамбаев менен Текебаев бири-бирин жеп, аягы жок болушат”

Бөлүшүү:

Турсунбек Акун агынан жарылды, болгондо да ченебей жарылды. Акыркы кезде ичиндеги бышып жүргөн ойлорун ортого салды. “Уруп ойнобойт” деген сертификаты бар адам сымал баарын “поктоду”. Тиягы президенттин эгемен күнүндө сүйлөгөн сөзүн, быягы кечээки эле оппозиция өткөзгөн Курултайды сындады. Албетте, анын арасында “жылт” эткен жылуу кептери да бар экен. Биз кээде ушундай адамдардын айткан сөздөрүн этибар албай коебуз…

 –Турсунбек мырза, өлкө ичиндеги болуп жаткан окуяларга, анын ичинде саясаттын багытына көз чаптырып, сыртынан караганың менен ичиңен бышып атсаң керек? Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы тирешүү жөнүндө ой калчачы…

–Биринчиден, Убактылуу өкмөт 2010-жылы кандай азап-тозокту ошол эле Атамбаев, Текебаев, Бекназаров, Отунбаева, Болот Шер чегишип, Бакиевди кууп салып, элдин ишеними менен бийликке келишкен. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” дегендей. Анан бирөө өлкө президенти, бирөө ченебеген партия лидери… Саясатта салмактары бирөөнүкү оор, бирөөнүкү жеңил деп айтуу мүмкүн эмес, экөө тең кыргыздын патриот жигиттери. Анан эле 31-август күнү ачыгын айтыш керек, президент катуу жаңылып калды. Өзү суу ичкен кудугуна жөн эле түкүрбөй, какырынып туруп балчыйта түкүрдү. “Мен сизге гана ишенем” деп, өз колу менен президенттикти өткөрүп берген Роза Отунбаеваны чакырып алып, дарегине оозго албаган сөздөрдү миңдеген элдин алдында айтуусу менен кууп чыкканга, кетип калуусуна мажбурлады. “Теке, мясокомбинат” деди. Текебаевди эле эмес Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн поктоп, уяткарды. “Чырдын башы бок жебе” дегендей, чырдын башы ушундан башталды. Аны Текебаев же Бекназаров баштаган жок. Президент өзү баштады.

–Текебаев унчукпай туруп калса болот беле?

–Унчукпай калганга болбоду. Башталды. Бирин-бири чукуганга өттү. “Сенин тамың бар, менин тамым жок, сенин Мегакомуң бар” дешип. Чуку, чуку жана чуку.  Кандай болгон күндө да экөө тең эл жакшылары. “Эрегиштен эр өлөт” дейт. Жаман жышаанды баштап алышты. Экөө тең 7-кабатта отурат. Экөө тең мамлекеттин эсебинен айлык алып, мамлекеттин машинесин минишет. Эми майда-чүйдөсүн айтпаганда. Токтотуш керек эле. КДКнын атынан кайрылдым. “Эл башчылары, жаман жорукту токтоткула! Мамлекетти өнүктүрүү жагына эмнеге башыңарды чиритпейсиңер? Көтөрүм болгон экономика жаатын эмне ойлонбойсуңар? Карапайым элдин жашоосуна эмнеге көңүл бурбайсыңар? Бажы биримдигине киргени оңолдукпу, дыйкандар өндүргөн продукцияларын кайда өткөрүп жатышат, жыйым-теримдер бүттүбү? Мына ушуларды ойлонуп иш кылгандын ордуна бириңдин жаман жактарын бириң саймедиреп тытышканыңардын кереги бар беле?” дедим. Жан кашайды. Эзелки эки дос абийирин чукуп бүтө албай жатат. Булар абийири менен келген, абийирлери менен калыш керек эле. Жакында эле президенттик аппаратка кирдим. Икрам Сатарович “биз аягына чейин чыгабыз. Референдумду эл колдобосо арыз жазып, мөөнөтүбүзгө жетпей кетип калабыз” дейт. Спикерге кирдим, “Чыныбай Акунович, бул болбойт. Сиз өлкөнүн 2-адамысыз. Эки дос кармашып атса цирктин көрүүчүсүндөй сырттан карап турганыңыз кандай? Президентке кирип “Турсунбек Акун келди” деңиз. Мен бийликтен кызмат сураганым жок. Калыстык үчүн, эки жээкте көпүрө катары кайрылып атам. Элде тынчтык гана болушун тилейм” десем, “Мен айтайын” деп калды. Акүйдө отурган партия лидерлерине да айттым. Ошол эле учурда оппозиция жээгиндегилердин баарына “Токтоткула!” деп айтып чыктым. Доңуз жылында төрөлгөм, жонтерим менен бир нерсени сезип атам. Эгер экөө ушинтип чабыша берсе, президент өз мөөнөтүнөн мурда кетет. Текебаев да азапка түшөт. Булар бири-бирин жеңе турган эмес, булар бири-бирин жей турган саясатчылар. Аман калышпайт.

–“Эки арстан алышса, ал ортодо мергенчи гана жеңишке жетет” деген лакап кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай, экөөнүн ортосундагы тирештен 3-күч жеңишке жетип кетпейт болду бекен?

–Толук мүмкүн. Криминалдар, диндик экстремизм, мамлекетти көралбагандар, жанагы Кадыржан-батыржандарды колдогондор, Азимжан Аскаровду колдогон Төлөйкан, Ошурахуновага окшогон уяты жок Нурбек Токтакуновдор утушка ээ болот. Сирияга жан тарткандар, Америка, Россия каптап кетет. А биз улутту сактап калышыбыз керек. Эки дос экөө тең жинди адамдар эмес. Акылдуу адамдар. Ушунун баарын көрүп туруп мамлекетке жарака кете электе токтотуп калышсын дейт элем. Мен деле аксакал жашына келип калдым.

–Оппозиция өткөргөн Курултайга ичиң чыктыбы?

–Чынын айтайын, ичим чыкпады. Буларга дипломатия жагы жетишпей, бир тараптуу монолог сыяктуу болуп калды. КТР, ЭлТР Текебаевди болушунча “шыбап” атса, оппозиция да бир жактуу президентти “шыбап” туруп алды. Курултайга бийлик жээгинен чакырылгандан кийин келип катышып, оппозициянын өткөрүп аткан жыйынында өз сөздөрүн ортого салышса монолог болмок эмес. Бирок антейин десең бийликте антип айта турган күчтүү саясатчылар калбай калды, бок жүрөктөр отурат. Муратбек Мукашев деген мен сыйлаган банкир агам “бийликте эң күчтүү инсандар четте калды, кош жүрөктөр, коркоктор, кошоматчылар толуп алды” деп туура айткан. Чындап эле күчтүү саясатчылар четтетилди, колунан келбегендерди, Акаев менен Бакиевдин убагындагы кошоматчылардын баарын жыйнап алды.

–Туке, Конституция деп калдык, сен кайсы жээктесиң, өзгөртүү жагындабы же өзгөрүлбөсүн жагындабы?

–Конституцияда ак кагазда кара тамга менен “2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт” деп жазылган. Атайын норма бар. Болгону 10 жыл мөөнөт менен бекитилген. Анын алты жылдан ашыгы өттү, үч жылдайы калган. Чыдап коюш керек болчу. Ошон үчүн мен Конституциянын өзгөрүшүнө каршымын. Бекитилген норманы президент өзү бузуп атат. Бирок, өзгөртүш керек. Жанагы кээ бир мыйзамды замандын талабына жараша премьер-министрдин ролун көтөрүү, парламенттин ролун көтөрүү жактары туура эле. Премьерди көтөрмөлөп, парламенттин ролун басаңдатып койгон сыяктуу. Андай болбойт, парламент жогору туруу абзел. Ушул жактан алып караганда Башмыйзамды өзгөртүш керек. Бирок 2020-жылдан кийин гана. Азыркы  президент өзгөртпөсүн, кийинки президент өзгөртсүн.

–“Уктап аткан арстанды ойготпогула” деген дагы бир сөз бар эмеспи. Демек, президентибиз ойготуп жибердиби?

–2020-жылга чейин уктатып койгон арстанды (Текебаевди) жөн койсо уктай бермек. Аны президент табарсыкка сайгылап ойготуп ийди. Эми жанагы жанындагы кыйкырган “иттерди” чогултуп алды, алар ээ-жаа бербей ажылдап үрө баштады.

–Кимдер?

–Чолпон Жакупова ынтымак кылабы? Ошурахунова, Нурбек Токтакунов ынтымак кылабы? Улутка доо кетирген Кадыржан менен Азимжан коргоп жүргөндөр ынтымак кылабы? Өткөндө Ошурахунова “сен эмне Кадыржан менен Азимжанды коргоп аткан Азиза менен Төлөйканга каршы чыгып атасың, уят барбы?” дейт. “Өзүңдүн уятың барбы, улутка каршы чыгып аткан немелерди эмнеге колдомок элем?!” деп, аз эле жерден оозумдан “шерменде!” деген сөз чыгып кете жаздады. Итпай-чотпайдын баары биригип алды. Ушуларга президент жол ачып койду.  Күчтүү лидер кандай гана адамды болбосун жылуу сүйлөп өзүнө тартат. Тээтиги Орунбековго чейин, Азизага чейин түшүп кетип атат. Аларды эмне кылат айтып, президенттин кадыр-баркыбы? Бирөөсү катардагы журналист, бирөөсү катардагы укук коргоочу.

–“Доңузмун, жонуман сезем” деп кеттиң, президенттин 31-августта өнөктөштөрүнө карата сүйлөй турган ачуу сөзүнө бирөө-жарым май тамызып чабыштырып койгон жокпу, кандай деп ойлойсуң?

–Аппараты чабыштырып атат. Анткени алардын ичтери тарып атат. Мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Каптагаев, Бекназаровдорду жанына жолоткусу келбейт. Аппараттагылар президентке кирип “биз акылдуубуз, сизге биз эле күйөбүз” деп бурап атышат. А чын-чынына келгенде аппараты күйбөйт. Алар кайсы гана бийлик келбесин иштешип кете алган “жөндөмдүүлөр”, кечирип коюшсун. Буларда эч кандай позиция жана принцип жок. Ал эми Текебаев, Отунбаева, Бекназаров, Каптагаевдерде идея, принцип, позиция деген баалуулук бар.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ       

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: