– Менин түшүнүгүмдө президент Жээнбеков мечиттин саны мектептен көп болгонун колдой турган жакшы көрүнүш катары баалаган жок, айтыла турган ою толук болбой калгандыктан туурадан чыгып, тескери талкуу болуп кетти. Негизи оозеки сөздө боло берет, сөздөр жутулуп, айтылбай, ой секирип кеткени. Президент мечиттердин саны мектептин санынан көп болуп кетти деген сөздө коркунучтуу жагдай жок экендигин, мечиттердин көп болуусу коомдогу ыймандуулукту бекемдөөгө гана негиз боло турганын айтты. Чынында бир айылда бир эле мектеп болуп, балдардын баары бир мектепте окуганы менен, ал айылда төрт-беш мечит болуусу мүмкүн, анткени элдин баары баткандай бир чоң мечит салып алууга каражат жок, квартал сайын кичине чакан мечит салып алышып жатпайбы. Мен президент айткан сөздү туура эле түшүндүм.
Гүлмира Шаршеева
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ