Чүй районунун Дөң-Арык айылында 2017-жылдын 6-август күнү 07:50 Чоң Чүй каналында бир адам сууда агып бара жатат деген маалымат түшкөн. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөөгө чыгышып, саат 08:15те азият улутундагы 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин суудан табышып, чыгарышкан. Маркумдун денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ