Menu

Арам кекиртектин акчасы жетимге адалбы?

Бөлүшүү:

Акыйкатчы Кубат Оторбаев балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн турак жай менен камсыз кылуу максатында курулуш ишканалардын менчигинен 2-3 батирден мамлекеттин эсебине алууну сунуштады. Өз кезегинде сунушту колдогон курулуш компанияларга Бишкек мэриясы да бир катар жеңилдиктердин караларын билдирди

20 жылда болгону 1 жетим бала үйлүү болгон

Азыркы тапта өлкө боюнча 117 балдар үйү бар. Аларда ар кандай себептерден улам ата-энеден эрте ажыраган 8 миңге чукул балдар тарбияланууда. Жылына 500 гө жакын улан кыздар бул жайларды таштап, татаал турмушка аттанууга аргасыз. Кейиштүүсү 500 бүтүрүүчүнүн 7 пайызы гана кесиптик лицейлерде окушат. Ал эми алардын ичинен онго жакыны жогорку окуу жайларга тапшырат. Мындай учурда турак жай, тамак-аш тууралуу айтуунун да зарылчылыгы жоктой. Антпесе Кыргызстандын 20 жылдык тарыхында болгону 1 гана жетим балага мамлекеттин эсебинен үй каралган.

Мамлекеттик бүтжеттен балдарды толук камсыздоо үчүн ар бир балага жылына 4380 сом бөлүнүп турат. Бул сумманы 365ке бөлгөндө күнүнө 110 сомдон айланат. Анын ичинде тамак-ашы, дары-дармеги да бар. Ал эми балдардын кийим-кечесин жана башка керектөөлөрүн демөөрчүлөр камсыздап турганын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги да мойнуна алат.

Мэриядан уруксат, ишкерден батир

Акыйкатчы Кубат Оторбаев бул маселе өлкөбүз эгемендик алгандан бери чечилгис көйгөйлөрдүн бирине айланганын айтат. Ал курулуш компаниялар менен жергиликтүү бийлик, же мэриянын биргелешип иш алып барган практика Орусия жана башка өлкөлөрдө колдонулуп келе жатканын кошумчалады.

– Негизи, жетим балдарды мамлекет турак жай менен камсыз кылыш керек. Бирок Кыргызстанда андай тажрыйба дээрлик жокко эсе. Бул жерде жергиликтүү бийликтин да ролу чоң. Анткени алар жер участкаларын бөлүп берүүсү керек. Мисалы, Военно-Антоновкадагы балдар үйүн айтсам, ал үйдүн жетекчиси Айыл өкмөткө бир нече жолу жер бөлүп берүүсүн өтүнгөн. Бирок эч ким анын өтүнүчүн караган эмес. Ошол эле учурда жерлер жең ичинен ар кимге сатылып жатат. Карасам, мындай ыкма башка мамлекеттерде да колдонулат экен. Алгач мэрия үй курууга уруксат берет, кийин мэриянын, үй куруучу ишкананын жана балдар үйүнүн ортосунда келишим түзүлүп, баары макулдашылат.

Мындан тышкары, Оторбаев бул сунушун Өкмөткө жибергенин маалымдады. Ал акыйкатчы катары маселени чечүүгө өз пикирин көрсөтүп жатканын, чечим кабыл алуу жагы өкмөткө тиешелүү экенин айта кетти.

– Курулуш компанияларга кандай жеңилдиктер караларын өкмөт чечет. Мен болгону сунушумду айттым. Өкмөт карап атат. Жакында жыйынтык чыгарат. Менимче, жанагы жерге, сууга жана башкаларга уруксат кагаздарын алууда жеңилдиктер каралса керек.

Аскер бизге жыргал жашоодой

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү Алмаз 16га толгон жетимдерди көчөдөгү селсаяктарга окшоштурат. Анткени бала 16 толгондо каалайбы-каалабайбы жетимканадагы ордун башка жетимге бошотуп берүүгө аргасыз. Мамлекет бекер билим берүүгө милдетүү болгону менен, статистика бүтүрүүчүлөрдүн 7 пайызы гана кесиптик билим алганын көрсөтүүдө. Алмаз жетимчиликтин азабы ошол 16 жаш менен кошо келерин айтат. Ал өзү бир кездери подъездерде кантип күн кечиргенин эстеди.

– Азыр кесиптик окуу жайда окугандар деле, окубагандар деле көчөдө тентип жүрүшөт. Анткени жумуш жок. Илгери го акылга, талантка карап, акча таап кетчү. Азыр жөндөмүң, талантың, билимиң болсо да, таанышың жок болсо көчөдө каласың. Азыр байдын баласы бай, чоңдун баласы чоң болот. Бизге окшогон жетим, эч жакыны жокторго кайдагы жумуш. Ошентип анан балдар ууру, кыздар сойку болуп кетип атат. Мен биринчи жылы көчөдө калып, экинчи жылы тоңуп калбайын деп 1 жыл болсо да аскерге кетип калгам. Негизи жетимдерди аскерге албайт, биздин барбаганга укугубуз бар. Элдер аскерди согуш элестетип качышат го. Бизге болсо аскер төбөңдө чатырың бар, курсагың ток, жыргал жашоодой болуп калган.

Алмаздын пикиринде, азыр жетимдер үйлөрү көбүнчө мамлекеттин эмес, жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен жашап келатат.

– Эки жылдан бери “Жетимдин үлүшү” деген фонд ачып, ар кандай долбоорлорду ишке ашырып келатабыз. Алдыда демөөрчүлөрдүн жана жөнөкөй элдин жардамы менен үнөмдүү үйлөрдү курууну пландап жатабыз, – дейт ал.

Жемкорлорго кеткен акча жетимдерге кетсе жаманбы?

Курулуш ишканалары чиеленген көйгөй катары бюрократиялык тоскоолдуктарды көрсөтүп келет. Бир кагазга кол койдуруу үчүн барбаган жериң, бербеген акчаң калбайт дешет алар. Азыркы батирдин наркы коюн-колтукка берилген акчалардын айынан кымбат экенин белгилешет.

“Art-Sman” курулуш компаниясынын ээси Улан Сманов кандайдыр бир салыктардан бошотуудан мурун, ушул жемкорлонгон жолду тазалап берсе, үй куруучуларга ат көтөргүс жардам болмок деген ойдо. Ал арам тамактардын курсагына кеткен акча жетимдерге үй болуп берсе жаманбы? деген пикирин билдирди.

– Идея жакшы. Бир чети кайрымдуулук болуп кетет экен. Негизи үй куруучулардын бутунан артка тарткан, “Северэлектро”, “Бишкексууканал” деген уюмдар бар. Суу киргизип, свет тарттыруу үчүн ушулардан уруксат алышыбыз керек. Бирок ошол уруксатты алуу үчүн образдуу айтканда, бу дүйнөнүн болгон тозогун көрүп чыгабыз. Барбаган жерибиз, бербеген сомубуз калбайт. Бир биздин ишкана эмес, өлкөдөгү бардык курулуш компаниялар ушул маселеге тушугат. Курулуш компаниялар аябай укмуш акча табышат деп ойлошу мүмкүн. Бирок биздин да проблемабыз чачтан көп. Газга, сууга, жерге берип атып аягында эч нерсең калбай калат. Ошолордун баарын таза жолго салып берсе, мен мисалы, 1-2 батирди аянбайт болчумун. – дейт Сманов.

Мамлекет милдети үчүн акча алат

Өкмөттүн 252 курулуш иштерине уруксат берүү боюнча токтомуна ылайык, курулуш объектиси башталгандан кийин 40 күн ичинде бардык уруксат кагаздарды алып бүтүш керек. Учурда уруксат берүү иши 40 күн эмес, 1 жылга созулуп кетүүдө.

“ЖИА бизнес ассосациясынын” курулуш комитетинен координатору Адисбек Шекенов мындай ыкма менен мамлекет өзү аткарчу милдеттерди жеке жактарга жүктөп жатканын айтат. Ал мамлекеттик жана муниципалдык органдар жеке секторго кызмат көрсөтүү үчүн түзүлгөнүн белгилейт. Аталган органдар кандай кызмат көрсөтсө да, бекер кылганга милдетүү, – дейт ал.

– Мамлекеттик, же муниципиалдык уюм административдик кызмат көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Аткара турган милдети үчүн акы сураганы бул мыйзамга да, логикага да туура келбеген нерсе. Бизде бизнестин социалдык жоопкерчилиги деген түшүнүк бар. Бирок ал бизнесмендин өз иши. Кимге канчалык деңгээлде жардам берет өзү билет. Жетимдерди турак жай, тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылуу түздөн-түз мамлекеттин иши. Ал өз ишин аткара албай, жеке жактарга жүктөгөнү туура эмес, мыйзамсыз иш. Сунушту кайсы мыйзамга,кандай кылып өзгөртүү киргизери мага түшүнүксүз болууда.

“Детдомдон” чыккан балдардын айтымында, жашоодо эркек балага караганда кыз кишиге кыйын болот. Анткени жаш кыздар ар кандай кыйынчылыкка туруштук бере албай эрте моюн сунат. Ошондуктан эркек балдар, араба түртүп, жүк ташып оокат кылса, кыздар жаман жолго түшөт. Мындан бир нече ай мурун сойкулук менен алектенген 118 кыздын 74ү балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү болуп чыкканын Бишкек милициясы кабарлаган.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: