Кечээ, 14-октябрда Бишкектеги “Император” ресторанында Кытай жараны кыргыз аялдар менен уруша кетип “дептутатка чалам, көргүлүктү көрсөтөм”,- деп коркуткан.
Журналист Элнура Кулуева Фейсбук баракчасында “Кытай жараны “Акырыныңыздар, бул коомдук жай” деген сөзгө эле “депутатка телефон чалам, көргүлүктү көрсөтөм”- деп чыр салганда кайсы депутатка чалат экен деп, коркуп олтурдук. Мына сага Кыргызстан”, – деп окуяны видеосу менен кошо жарыялаган. Бул окуянын уккандардын баарын, кытай ишенген депутаттын ким экендиги кызыктырууда.
Алар олтурган ресторан депутат Салайдин Айдаровго таандык экен.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова кытайларды визасыз өлкөгө киргизүүнү сунуштаган.
https://www.youtube.com/watch?v=5GNgixtqdaE
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ