Menu

“Ийгиликке кадам!” Кыргызстанда ММКнын абалы кандай?

Бөлүшүү:

“Журналисттер” коомдун бирикмесинин демилгеси аркасында өлкөбүздүн түштүк баш калаасында республикабыздын булуң-бурчунан жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖММлардын) өкүлдөрү чогулушуп, “Ийгиликке МАДАМ” медиа-форумун уюштурушту. Абдан кызуу талкуунун жүрүшүндө журналисттердин сабатсыздыгы дагы баса айтылып, мунун кеспетинен ЖММ кызматкерлери зордук-зомбулукка кабылышып, а түгүл коркутуп-үрүкүтүүлөрдүн бутасына айланып баратышкандыгы дагы өзгөчө белгиленди.

Тынымгүл Эшиева, “Сорос-Кыргызстан” фондунун “ЖМКларды өнүктүрүү” программасынын директору: – Эгерде журналисттер куугунтукталса, өлкөдө ачык коом курууга чындап эле олуттуу коркунуч туулат. Жашырып не. Соңку мезгилде Кыргызстанда ЖМКлардын өкүлдөрүнө карата зордук-зомбулуктар бара-бара күчөп, а түгүл булар ушул тапта коркутуп-үркүтүүнүн чыныгы бутасына дагы айланышты. Ошондуктан, биздин уюм журналисттерди укуктук сабаттуулукка катарынан окутуп жатат. Антпесек, өлкөбүздө дегеле ачык коом кура дагы албайбыз.

Узарбек Жылкыбаев, Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: – Эч танбайлы. Коомубузда, мамлекетибизде, ошондой эле ар бир үй-бүлөбүздө көйгөйлөр көп. Муну медиа-форумда моминтип ачык эле айтып, анан дагы кенен-чонон талкуулап жатканыңыздар мени абдан кубандырат. Ошол эле учурда Кыргызстанда журналисттик кесип бүгүнкү күндө дагы абдан кооптуу өнөргө айланып бараткандыгын жаап-жарышуунун эч кажети жок! Ошентсе деле баарына чыдап, объективдүүлүктөн жана калыстыктан таптакыр тайыбаңыздар? Эң башкысы: ЖКМлардын кызматкерлери “оппозиция”, “позиция” деп таптакыр бөлүнбөңүздөр? Анткени, баарыңыздардын тең максатыңыздар жана вазийпаңыздар бирөө эле – бул калкты акыйкат маалымат менен ыкчам кабардар кылуу. Ошондо гана биз өлкөбүздү коопсуз жана кудуреттүү мамлекетке айлантабыз!

Марс Тулегенов, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы: “Кой аксагы менен жүз” дегендей, жуналисттик этиканы таптакыр сактабаган кесиптештерден деле куру эмеспиз. Андыктан, такыр намыстанбастан булардын баарын тең укуктук сабаттуулукка жана бийик жоопкерчиликке токтоосуз үйрөтүүбүз абзел! Мындан тышкары өлкө бюджетинен эсебинен өкмөттүк ЖМКлардын 51, ал эми көз карандысыз ЖМКлардын 49 пайызы сөзсүз түрдө каржыланууга тийиш! Болбосо, Жогорку Кеңеш депутаты Рыспек Кожобековго окшоп “хамелеон” деп жазганы үчүн эле журналистти 300 миң сом айыпка жыккандар мындан дагы көбөйөт. Ушинтип олтурушуп акырында Кыргызстанда Сөз эркиндигин биротоло муунтуп өлтүрүп тынышат.

Марат Токоев, медиа серепчи: Эмне үчүн журналисттерге маалымат берүүдөн жөнсүз баш тарткандар үчүн таптакыр эле жоопкерчилик жана жаза жок? Муну (маалымат берүүнү милдеттендирүүнү) сөзсүз мыйзамдаштыруу кажет! Экинчиден, ЖМКларды жана журналисттерди олчойгон акчалай айыпка жыгуу Кыргызстанда Сөз эркиндигин биротоло ооздуктайт. Маселен, “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Ыдырыс Исаковго 50 миллион сом доо койгон ишкер коомчулуктун активдүүлүгүнөн кийин гана доо арызынан акыры баш тартты.

Шамарал Майчиев, ЖМКлардын үстүнөн даттанууларды териштирүү комиссиясынын төрагасы: -Мурун жүйөөсүз маалыматтарды таратышкандыгы үчүн журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартышчу. Азыр мындай жок. Бирок, ошого карабастан ЖМКлардын жана журналисттердин үстүнөн сотко доо арыз менен кайрылгандардын катары улам калыңдап баратат. Тилекке каршы, ЖМК ээлери – иш берүүчүлөр (Кыргыз Өкмөтү, коммерсанттар, саясатчылар) менен ЖМКларда эмгектенишкен кабарчылардын ортосунда Эмгек келишими таптакыр түзүлбөйт жана жок! Бирок, танып не, булардын баары тең журналисттер аркылуу өз саясатын жүргүзүп келатышпайбы. Ошентип, жыйынтыгында жазганыны азабын журналисттер гана куп тартышып, а түгүл катарынан акчалай айыпка дагы жыгылап атышат. А негизи Өкмөт өзү ЖМКга ээлик кылуусу мыйзамга дагы, акылга дагы таптакыр сыйбайт.

Буга улай “Азаттык” үналгысынын журналисти Сабыр Абдымомунов, “Клоп Медиа” мекемесинин кабарчысы Элмурат Ашыралиев ЖМК өкүлдөрүнө заман талабына жараша ыкчам каражат табуунун сыры – подкасттар жөнүндө көргөзмөлүү сабак дагы өтүштү. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Кубан Мамбеталиев зарыл акыл-насаатын айтканга үлгүрдү. Ал эми белгилүү менеджер, “Кыргыз Концепт” мекемесинин негиздөөчүсү Эмилбек Үмөталиев өзүнүн бай тажрыйбасы менен тең бөлүшүп, “Азыркы муунду спортко гана бекем тарбияладык. Тилекке каршы, булар бүгүнү күндүн олуттуу суроо-талаптарына жана сыноосуна жооп кайтарууга эч дараметсиз!”- деп коңгуроо какты. Медиа-форумдун соңунда журналисттердин кесипкөйлүгүн арттыруу, кабарчылык тилектештикти мындан ары ого бетер активдештирүү, Сөз эркиндигинин балуу принциптерин дайыма бекем тутунуу жагы катуу макулдашылды.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: