Menu

Петербургда журналист Али Ферузду колдоо акциясы өттү

Бөлүшүү:

Бир канча партия менен кыймылдардын ондогон мүчөлөрү, журналисттер жана жарандык активисттер журналист Али Ферузду колдоп Невский проспектисине митингге чыгышты. Өткөн жумада Москванын Басман райондук соту Ферузду Өзбекстанга депортациялоо чечимин чыгарган.

Анархист Елена Шендера Ферузду Өзбекстанга өткөрүп берүү — аны өлүмгө жиберүүгө тете деп эсептейт. Ал журналистке батыш өлкөлөрүнүн бири башпаанек берет деп үмүттөнүүдө.

Орусиянын социалисттик кыймылынын активисти Иван Овсянников саясий куугунтукка кабылган адамды өлкөсүнө департациялоо чечимин кескин айыптайт. Ал ошондой эле Али Ферузду өлкөдөн мигрант катары чыгаруу болбой турганын айтып, бул Орусияда мигранттарга карата басмырлоочу чаралар көрүлөрүн дагы бир жолу далилдеп жатканын билдирди.

Андан тышкары Иван Овсянников Али Феруздун кумса экенин белгилеп, ошондуктан акцияга ЛГБТнын өкүлдөрү катышканын кошумчалады.

Али Феруз Орусияга мыйзамдуу жол менен барып, анда 6 жылдан ашык жашаганына карабастан учурда чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармап туруу борборунда жашоодо. Басман райондук сотунун чечими боюнча апелляцияны Москва шаардык соту кечээ карашы керек болчу, бирок отурум 8-августка жылдырылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: