18-19-май күндөрү Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Чоң-Алай райондорунда жалпы республикалык тестирлөө өтөт. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Ош ОИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, милициянын участкалык уполномоченныйлары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана башка кызматтар менен биргеликте, тестирлөө өтүп жаткан мекеменин айланасында коомдук тартипти, коомдук коопсуздукту камсыз кылып, жашы жете электердин катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана коронавирус илдетин алдын алуу максатында тестирлөө өтүп жаткан мекемеде жана анын айланасында санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышына көмөк көрсөтүп иш алып барууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ