Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев борбор калаадагы маршруттук таксилердин айдоочуларына кайрылды. Ал кайрылууну Фейсбук баракчасына жарыялаган.
Анын айтымында, шаар бийлиги айдоочулардын көйгөйлөрүн жакшы билет, жети жылдан бери жол акысы көтөрүлгөн эмес.
«Бүгүнкү күндө көптөгөн айдоочулар жумушка чыккан жок деген маалыматтар түшүп жатат. Силердин көйгөйүңөрдү биз билебиз жана түшүнүү менен кабыл алып жатабыз. Силер дагы шаардыктардын абалын түшүнүү менен кабыл алгыла. Өлкөдө пандемия, кризис, элдик толкундоолор болду. Силердин жол акысын дароо көтөрүп бергиле дегениңер туура эмес. Биздин өзүбүздүн процедурабыз бар, аны Экономика министрлиги менен макулдашып, анан шаардык кеңешке маселе көтөрүшүбүз керек. Биз бишкектиктердин учурдагы абалына карап жол кирени көтөрүүгө даярбыз. Биз муну 2021-жылдын май айына чейин чечкенге аракет кылабыз», – деди Балбак Түлөбаев.
Ошондой эле, Түлөбаев айдоочулардан жумушка чыгууну суранды.
Эске салсак, апта башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан, антпесе алар ишти токтотушат. Мэрияда маршрутта жүрүү тарифтерин жогорулатуу маселесин кароо боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ