Menu

$250 миң пара менен кармалган Мелис Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартууда

Бөлүшүү:

Активист Мелис Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда анын адвокаты Назира Абышкаева маалымат жыйынында билдирди.

Ал активисттин күнөөсүн далилдеген далилдер жана фактылар жок экенин билдирди. Ал кардары камалгандан бери бир эле жолу сурак берип, башка көрсөтмө бербегенин белгиледи. 

Назира Абышкаева тергөө органдарында Аспековдун “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрү жөнүндө жазуулар жок деп ырастоодо.

“Айыптар негизсиз. Арызда Жураев акча алган деп айтылат, бирок анын суммасы дагы, акча которулган күнү дагы айтылган жок. Эгерде тергөө объективдүү жүрүп жатса, анда ишти токтотуу керек”, – деди адвокат.

Белгилей кетсек, буга чейин Мелис Аспеков “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен опузалап алган $250 миңдин $50 миңин Финполициянын төрагасына бергем” деп көрсөтмө бергени айтылган.

Бирок, УКМК да, Финполиция да бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: