Menu

Тажикстанда олигарх Жамшед Абдулов камалды

Бөлүшүү:

Тажикстанда «Олими Каримзод» компаниясынын жетекчиси жана «Олим Текстайлз» текстиль фабрикасынын ээси Жамшед Абдулов камалды. Тажик олигархы банктан алган 15 миллион доллар насыяны төлөп берген эмес деп айыпталууда. Абдуловдун кармалганын бир нече булак тастыктады.

Укук коргоо органдары олигархтын кармалаганы боюнча маалымат бере элек. Өз булактар кабарлагандай, Абдулов учурда Душанбедеги абактардын биринде кармалууда. Анын үй-бүлөсү Дубайда жашайт.

Маалыматтарга караганда, Жамшед Абдулов тажик вице-премьери Давлатали Саид «Тоджпромбанктын» кардарлары менен жолугушкандан кийин кармалган. Алар Абдулов баш болгон бир нече олигархтар банктан алган насыяларын төлөбөй, акчаларын ала албай жатышканын айтып даттанышкан.

«Олим-Текстайлз» фабрикасы 2010-жылы Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда ачылган. Ишканага бир катар жеңилдиктер берилгени менен ал былтыр салык үчүн 19 миллион сомони ( 2млн. долларга жакын) карыз болуп калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: