Мордовиянын жараны кыргызтандыктын өлүмү үчүн сот алдында жооп берет. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.
Белгиленгендей, тергөө жетиштүү далилдерди топтогон. Ушуга байланыштуу, прокурор тарабынан бекитилген айыптоо корутундусу менен кылмыш иши сотко маңызы боюнча кароо үчүн жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, окуя 2020-жылдын 6-ноябрына караган түнү эт комбинатында болгон. Нөөмөт өткөрүү учурунда жумушчулардын ортосунда чыр чыгып, натыйжада 33 жаштагы жергиликтүү тургун 56 жаштагы кыргыз жаранын башка урган. Жабырлануучу бутуна тура албай, жерге кулап түшкөн. Кыргызстандык баш мээсинен алган жаракаттан улам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ