Диний экстремизмге каршы күрөшүүдө 5 турак-жайга тинтүү жүргүзүлүп, экстремисттик материалдар жана курал-жарактар алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн жума, 8-октябрь күнү саат 07-00 чамада Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон районунун Арстанбап, Кеңеш айылдарындагы такталган даректерге, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 315-беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, шектүү делген 5 жарандын жашаган турак-жайларына тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө жана ыкчам иликтөө иштери Ноокен райондук соту тарабынан турак-жайларды тинтүү үчүн берилген уруксат токтомунун негизинде, Жалал-Абад ОИИБнин жана Базар-Коргон РИИБнин тергөө тобу жана экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан ишке ашкан.
Тинтүү боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын натыйжасында аталган даректерден «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик агымына таандык болгон 8 даана китеп жана тыюу салынган диний көз караштагы жазмалары бар блокнот, «Lenovo» үлгүсүндөгү ноутбук, андан тышкары 2 даана оңдолуп жасалып жаткан ок атуучу курал, 4 даана газотравматикалык ок атуучу куралдын бөлүктөрү, көптөгөн «Samsung» үлгүсүндөгү телефондор табылып алынды. Бардык шектүүлөрдүн «Одноклассник» социалдык тармактагы алардын баракчасынан экстремисттик маанидеги видеолорду таратып жаткандыгы аныкталган. Алынган буюм-далил жана экстремисттик материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ