Menu

Видео – Асейин Саралаев, жарандык активист: “Аксыда клаасташын сабап жатышкан топ каракчыларды аяп жаткан “айкөлдөр” таяк жеген баланын бөйрөгүн, психикасын ойлошту бекен?

Бөлүшүү:

Аксыда бир баланы топ бала сабап жаткан тасманы көрүп өзүм таяк жеп жаткандай жаным аачыды… Бул бала каракчыларды аяп “жаш балдар экен, билбей жасашты, мугалимдери күнөөлүү, мектеп директору күнөөлүү” деп айкөл болуп аткандар тиги таяк жеп жалбарып жаткан баланы ойлодуңарбы? Бөйрөккө, башка тепкилешип, бетке чаап жатышат. Эртең психикалык жактан ооруп же бөйрөгү жарабай калса ким карайт аны? Убалы кимге? Силер аяп аткан каракчылар багабы? Бул шүмшүктөр кандай баланы кордошту да жакшы билишет. Менимче начар жашаган үй-бүлөнүн да уулу болушу мүмкүн. Таянары алсыз балдардын кордук көп көрүп жүргөнүн баарыбыз билебиз. Ылбырап бычакка салар эти жок, бою да кичине алсыз баланы килеңдеген каракчылар кордоп атышат… Мугалимдер дейсиңер? Мугалимди колу-буттан байлап окуучуларга сөз айттыргыс кылып салбадык беле? Эгер тиги беш каракчыны бир мугалим көтөнгө чаап койсо “Кокуй баланын укугун тебеледи, майып кылып салышты, иштен кетсин, камалсын, чапканга урушканга акысы жок” деп улуттук трагедияга айлантышып ата-энелери баш болуп кошок кошуп бүт дүйнөгө ажылдап чыгышмак!
Мындай окуялар башкаларга сабак болушу үчүн бул каракчылардын өздөрүн жана ата-энелерин кошуп туруп мыйзам чегинде жазалаш керек… Каяктагы жаш булар? Топтошкон арам каракчылар жасаган иш көз жаздымда калбайт деп ишенем.

Асейин Саралаев, жарандык активист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: