Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков учак менен жер жүзүн кыдырууну пландаган өлкө жараны Союзбек Салиевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
С.Салиев маалымдагандай, бул саякат Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналат жана ал Mooney Ovation 2 жалгыз моторлуу учакта ишке ашырылат.
Бишкектен учуу үстүбүздөгү жылдын август айынын башталышына пландаштырылган, жалпысынан аба аркылуу 26 мамлекетти – Араб чөлдөрүн, Ариканск саванналарын, Бразилия жунглилерин, Амазонка дайрасын жана башка аймактарды басып өтүп, жалпысынан 47,6 миң километрди ашуу максаты коюлган.
Премьер-министр С.Салиевдин демилгесин өз өлкөсүнүн патриоту катары баалап, Кыргызстандын мамлекеттик желеги менен 26 өлкөнү учак менен ийгиликтүү кыдырып чыгууну каалады. Ошондой эле өкмөт тараптан аталган иш-чараны ишке ашырууга тийиштүү колдоо көрсөтүлөөрүн белгиледи.
«Бул Кыргызстан желегинин алгач ирет дүйнө жүзүн айланып учуусу болот», – деди С.Салиев.
Жолугушуу жыйынтыгында өкмөт башчы С.Салиевге Кыргызстандын Мамлекеттик желегин тапшырды, учкуч аны дүйнө жүзү боюнча жасалчу саякатында жанында алып жүрмөкчү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ