Menu

Б.М.Юнусалиевге арналган илимий-практикалык конференция болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-декабрда  академик Б.М.Юнусалиевге арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ушуну менен катар эле Кыргыз филология факультетинде Б.М.Юнусалиев атындагы кабинеттин ачылышы болду. Конференцияга  профессор, окумуштуулар катышып, Б.М. Юнусалиев тууралуу омоктуу ойлор айтылды. Студенттер тарабынан даярдалган чакан даректүү тасма көрсөтүлдү. Жыйынды Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Канат Садыков ачып, андан соң куттуктоо сөздөргө кезек берилди.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев буларга токтолду: “Юнусалиев Болот Мураталиевич – эң ириде бүткүл Евразиянын баалуулугу. Ал – түрк дүйнөсүнүн жана кыргыздардын улуттук сыймыгы. Анын илимий ишмердүүлүгү менен инсандык нарк-насили сейрек көрүнүш. Улуулук, залкарлык өмүр өткөн күндө да, асманда жанып турган жылдыздай болуп, адамзаттын тарыхында кылымдардан кылымдарга жаркырап күйүп турат. Улуулуктун, залкарлыктын күчү, кубаты, энергиясы ошондо! Окумуштуу бүгүнкү күндө ар түрдүү улуттагы,  ар түрдүү маданияттагы жана түстөгү, ар түрдүү диний жана саясий ишенимдеги, ар түрдүү окумуштуулардын даңазалуу залкар илимпозу

Иш чаранын алкагында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Ардак грамотасы” жана “Кыргыз тили” төш белгилери менен кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн бир катар инсандар сыйланышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: