Menu

Жерүй Кумтөрдүн кейпин кийгени калды

Бөлүшүү:

Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы орусиялык “ВТБ банктан” 180 миллион доллар насыя алууда. Анын алгачкы траншы берилди. Компаниянын расмий өкүлү Данияр Жаныкулов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттен 2018-жылдын сентябрында лицензияны күрөөгө коюш үчүн уруксат алынганын билдирди. Бирок комитеттин жетекчиси алмашкан соң лицеңзияны күрөөгө коюу тууралуу чечим артка чакыртылган. Жаныкулов лицензия күрөөнүн бир бөлүгү экенин белгилеп, негизги кепилдик компаниянын инвесторлордун капиталы жана мүлкү экенин айтты. Учурда тараптар бул боюнча сүйлөшүүнү улантып жатат. Насыя алтын иштетүүчү фабриканы куруу үчүн суралган. Айрым басылмалар насыянын 10 миллион доллары берилгенин да жазып жатышат. Жерүй Кыргызстандагы алтындын көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөр боюнча бул кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар. Жерүйдү кыйратып иштетет деген компания алтын кенинин лицензиясын күрөөгө коюп шылуундук кылып жатса, Кумтөрдөгү афера кайталанганы калган экен. Кезинде Кумтөрдү иштеткен Каме ко да, Кумтөр алтын кенин күрөөгө коюп акча алып, ал карыз Кыргыз мамлекетинин эсебинен төлөнгөн. Дал ошол схема Жерүйдө дагы ишке ашканы калды. Өкүнүчтүүсү Кыргыз мамлекети Жерүйдөн эч кандай үлүш албайт. Жүз процент 100 миллион долларга сатып жиберген. Жер салыгы менен соцфондко арзыбаган гана акча төлөйт. Бул мамлекет сызга отуруп калды дегендик.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: