Menu

Фото – Эл жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына Германияда адабий кечелер өткөрүлдү

Бөлүшүү:

2018-жылдын 12- жана 15-декабрында Берлин жана Кельн шаарларында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында залкар жазуучунун чыгармачылыгына арналган адабий кечелер өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаралар Юнус Эмре атындагы түрк институту менен Кыргыз-Герман маданий коому тарабынан уюштурулду. Адабий кечелерде Юнус Эмре атындагы институтунун директорлору Файзулла Бахчи жана Йылмаз Бүтүн, Кыргыз-Герман маданий коомунун директору доктор Мартин Хартвиг, Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Эринес Оторбаев, жазуучу-айтматовед, адабий критик Ирмтрауд Гучке, ошондой эле академиялык чөйрөнүн жана адабий интеллегенциянын башка өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын кыргыз, немис жана түрк тилдериндеги үзүндүлөрү, «Жамиля» повести боюнча немис тилинде тартылган тасманын үзүндүлөрү көрсөтүлүп, Кыргызстандын эли тууралуу фотокөргөзмө уюштурулуп, Германияда жарыкка чыккан Чыңгыз
Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу китептер жана кол өнөрчүлүктүн буюмдары менен таанышуу болуп өттү.

Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Эринес Оторбаев иш-чаралардын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, Чыңгыз Айтматовдун чыгырмачылыгынын кыргыз мамлекеттүүлүгү жана дүйнөлүк адабий мурас үчүн маанисин, Чыңгыз Айтматовдун Академиясын Кыргызстанда түзүү Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин демилгеси тууралуу баса белгиледи.

Сөз сүйлөгөндөрдүн арасында Чыңгыз Айтматовду убагында жеке тааныган достор, илимпоздор, жазуучунун чыгырмачылык жолу жана өмүрү тууралуу айтып беришти.

Уюштуруучулар аталган иш-чараларды Чыңгыз Айтматовдун мааракесине карата өткөрүүгө өзгөчө көңүл бургандыгын баса белгилей кетиш керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: