Menu

ИИМ эскертет: Чагымчыл материалдарды тараткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Бөлүшүү:

Жакында эле Фейсбук социалдык тармагында тараган видеотасма боюнча, “Кытай Эл Республикасынын жарандары милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүн сабап жатат” берилген маалымат жалган. Бул туураалуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тасмада көрсөтүлгөн окуя  2014-жылы катталган.  Ал иш боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык), 341-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) жана 174-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголуп,  бардык тергөө  амалдары жүргүзүлүп, анан материал сотко жөнөтүлгөн.

Акыркы убактарда кээ бирөөлөр  WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу улуттар, мамлекеттер аралык кастыкты козутууга багытталган чагымчыл аудио-билдирмелерди, видео тасмаларды атайылап таратышууда.

Ички иштер министрлиги жана анын бөлүмдөрү жогорудагыдай чагымчыл материалдарды тараткандардын өздүгүн тактоо  боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Улуттар аралык, же региондор аралык кастыкты козгоого багытталган материалдарды даярдоо жана таратуу – кылмыш. Аны жасаган адам Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза  кодексинин 299 беренесинин(Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же  регион аралык кастыкты козутуу) негизинде кылмыш жоопкерчилигине  тартылат.

Ички иштер министрлиги жарандарды WhatsApp жана башка социалдык тармактарда, интернетте чагымчыл маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат. Андай иштер болгон учурда жарандар 102 номуру аркылуу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кайрылып, кабарлашы зарыл. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билбегендик, жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой тургандыгын эстен чыгарбоо керек.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: