Menu

Атамбаев кетеринде Кыргызстандагы чет элдик ири бизнести жакшы эле кысымга алып, “саап” кетти

Бөлүшүү:

Жашырганда эмне, экс-ажонун акыркы бийлик жылдарында Кыргызстандагы чет элдик ири бизнести дагы бир топ эле «силкиди». Айрымдары тыкыр текшерүүгө алынса, кээ бир бизнесмендер камакка алынды. Мисалы, «Россинбанк» банкынын мурунку жетекчиси Андрей Гойхман бар. Экс-ажонун акыркы учурларында бизнести кысымга алуу кадамдары казакстандык бизнесмендерди да кыйгап өткөн жок. Атүгүл «өзгөчө» көңүл бурулгандай болду. Буга, мурунку президент А.Атамбаевдин казак эл башчысы менен  «айтышып» эки өлкө мамилелерин бир заматта бузганы, кошумча себеп болду. «Эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын кырылат» болуп ал «тиреште» карапайым эл гана кыйналды.

Казак өлкөсү тарабынан үч айга жакын созулган «блокада» президент Сооронбай Жээнбековдун келиши менен дароо чечилген. Тагыраагы биздин ажо казак президенти Нурсултан Назарбаев менен алгач жолуккан соң мамиле бат эле калыбына келди. Бирок, Атамбаев учурунда Кыргызстандагы казак бизнесмендерине «атака» койгула тапшырмасы токтотулбай калгандыгы кенири айтылды. Бирок, Сооронбай Жээнбеков бул жагын жөнгө салууга үлгүрдү. Ошого карабай абалдан пайдаланып бизнесмендер «саап» калалы деген айрым «атамбаевчилер» ишин улантууга аракет кылганы чынбы? Жөн жерден сөз айтылбайт да. Буга мисал катары айтсак, Бишкекте «KAZ Minerals Bozymchak» компаниясынын директору Ильяс Тулекеев кармалганы тар чөйрөдө кеңири сөз болгон.

Аны уккан Нураке Сокеге телефон чалып чыгарганы чынбы? Калыстыкты бекем туткан президент Жээнбеков «кысым» менен камакка алынган Тулекеевди чыгарганы адамгерчилик да. Кыргызстандагы казак бизнесине, анын ичинде Бозумчакты иштеткен «KAZ Minerals», Билайнды иштеткен «Скай Мобайл», Кызыл-Кыядагы ЮКЦ – Түштүк кыргыз цемент жана башка ири казак бизнесмендери өлкөнүн экономикасына салым кошуп жатканы жашыруун эмес да. Ишканаларга рейдерлик, алардын жетекчилерине асылуу, себепсиз текшерүүлөр болбойт деген ураан менен бизнесмендерге көңүл бурган ажобузга баракелде!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: