Menu

Сапар Исаков Нуриза Кичинебатырованын үй-бүлөсүнөн кабар алды

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 6-октябрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында социалдык колдоого муктаж болгон Нуриза Кичинебатырованын үйүнө баш бакты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Нуриза Кичинебатырова жолдошу каза болуп, беш баласын жалгыз тарбиялап, багып келе жатат. Алардын болгон үй-бүлөлүк кирешеси жөлөк пул болсо, ал каражат беш баланы бакканга жетпейт.

Өкмөт башчы үй-бүлөгө колдоо сөзүн айтып, аларга Кочкор районунун базарынан сатып алган азык-түлүктөрүн берип, материалдык колдоо көрсөттү. Мындан сырткары жергиликтүү бийликке Нуриза Кичинебатырованын үй-бүлөсүндөгү социалдык көйгөйүн чечүүнү тапшырды.

Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөт тарабынан да бул багытта тиешелүү иштер жүрөөрүн билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: