Menu

КР Финансы министрлиги тышкы карыз боюнча кооптонууга негиз жок деп эсептейт

Бөлүшүү:

Акыркы кездери ЖМКда Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын суммасы өтө көбөйүп кеткендиги,  аларды убагында төлөөгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланууда. Ошондуктан,  коомчулукта мамлекеттин тышкы карызына байланыштуу кооптонуулар күчөп баратат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коомчулукту козуткан карыз маселеси боюнча расмий билдирүү таратып, бул өңүттө ашкере кооптонуунун кажети жоктугун ишаарат кылды.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстан эгемендик алган күндөн тарта мамлекеттик карыздарды өз убагында, толук төлөп келе жатат. Карыздарды жабууга каралган акча каражаты республикалык бюджетке киргизилген, төлөө  график боюнча жүргүзүлүүдө.

Мисалы, «Moodyʼs» эл аралык рейтинг агенттигинин иликтөөсү боюнча,  Кыргыз Республикасы орточо деңгээлдеги карызы бар, аны төлөөгө жөндөмдүү мамлекеттердин катарына кирет.
Мындын тышкары, 2017 –жылдын 31-декабрына карата тышкы карыздар Кыргызстандагы ички дүң өндүрүмдүн 54,0 пайызын түзсө, 2018-жылдын 31-октябрына карата болжолдонгон ИДӨнүн 47,5 пайызына туура келет. А бул көрсөткүч мамлекеттин тышкы карызы кооптуу чекке жете электигин билдирет.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: