Menu

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Бакиевдердин Кой-Таштагы 27 гектар жерин Алмаз Атамбаев 5 жыл катып жүрүп, эми классикалык коррупция жолу менен өзүнө каттатып, үй сала баштады”

Бөлүшүү:

“Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы Бакиевдердин 27 гектар жерин Алмаз Атамбаев 5 жыл катып жүрүп, эми классикалык коррупция жолу менен өзүнө каттатып алып, азыр үй сала баштады. Ал жер мамлекетке өтүш керек болчу”, – деп билдирди бүгүн, 15-сентябрда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште өзү өткөргөн маалымат жыйынында. Бул деген Текебаев президент Алмаз Атамбаевди мародерчулук менен айыптады дегендик.

https://www.youtube.com/watch?v=Dh9nvqjrCBo

Өмүрбек Текебаевдин сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

“2010-жылы апрелден кийин Бакиевдердин менчигинин бир бөлүгү гана улутташтырылып калды. Мен жаз айларында тоого чыгып эс алганды жакшы көрөм. Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын тургундары мага 5 жылдан бери кайрылышат. Ошол жерде бир база бар экен, “Дастан” заводуна караган. Ушул базаны Максим Бакиев, Ширшов, Данияр Усенов менчиктеп алышкан. Аны Даняир Усенов өзү келип забор салып жүргөн. Ушуну жергиликтүү тургундар басып алышты, 2010-жылы апрелде. Ушуну мамлекетке алып улутташтырыш керек эле. Эмне үчүн аны жеке адамдар басып алып пайдаланат? Мамлекетке алынбайбы деп 5 жылдан бери мен тоого чыкканда айтышат. Мен бирок аны көп сөздөрдүн бири го деп жүргөм, көңүл бурган эмесмин. Бирок массалык маалымат каражаттарына, башка булактарга чыккан маалыматтардан улам мен ал объектиге көңүл бурдум. Ал оъект жөнүндө мен силерге кыскача айтып өтөйүн. “Дастан” деген Ачык Акционердик Коом бар (ААО). Анын Аламүдүн районундагы Кой-Таш деген айылда подсобное хозяйсвтосу бар 27,5 га жери менен. Бул билесиңер аскер заводу. Өзгөчө статусу бар аскер заводу. 2009-жылы Данияр Үсенов премьер-министр болуп турганда, жаңылышпасам Ширшов “Дастан” деген Ачык Акционердик Коомунун президенти, жетекчиси болуп турганда, Максим өзү каалагандай мамлекеттик менчикти каалагандай калчап турганда бул базаны 2008-жылы Укуев Анарбек Акматович дегенге приватташтырып беришкен. Ал убакта, Ширшов ошол жерди жетектеп турганда, жөнөкөй адамга кетип калышы мүмкүн эмес эле. Бул Бакиевдерге барган, ушул кишиге оформить этилген. Азыр ал жерде гражданин Алмаз Атамбаев үй куруп жатат. 5 жыл ал жерди мыйзамсыз захват кылып, 2010-жылдын апрелинен баштап басып отурушкан. 5 жыл өткөндөн кийин унутулду го деп, ал жерди оформить этишкен. 2015-жылдын  7-майында ал участок Ибраимова Айнура Канкеевнага катталган. Бул Бишкек шаарынын мэри Ибраимов Албек Сабырбековичтин аялы. Карачечекей аялы. Беш күн өткөндөн кийин, 2015-жылдын 12-майында Ибраимовдор ал жерди гражданин Атамбаев Алмаз Шаршеновичке переоформить этишкен. Биз Бакиевдердин менчигин издеп жүрөбүз. Кыймылсыз мүлк качып кетпейт, эртеби-кечби аны бирөө пайдаланат. Анын тарыхы чыгып калат. Анын апрелде басып алынганын бүт Кой-Таштыктар айтып жүрөт. Мен барган сайын айтышат. Эл азырга чейин унуткан жок. Мен быйыл дагы майдын аягында барып, 15 күн кымыз ичип келдим. Быйыл дагын келип айтышты. Мамлекетке албайсыңарбы деп. 2015-жылы Ибраимов Албек президентке ошол жерди, базаны Максим Бакиев, Ширшов, Данияр Усеновдордун жерин берип деп. Ошондон кийин эле ал Бишкек шаарына мэр болуп келип калды. Бул жерде логикалык байланыш бар деп атасак болот. Бул коррупциянын классикалык түрү. Албек Ибраимов ал бөтөн адам эмес Алмаз Атамбаев үчүн. Ал анын жеке ишин алып барган завхозу болгон, управделами. Атамбаев бийликке келгенде аны “Дастан” деген Ачык Акционердик Коомуна директор койгон. Балким ошондо билип басып алгандыр. Ал жерден 2 млн. доллар жоголгон деп чыр да чыккан, баарыбыздын эсибизде. Ал тарых бүгүнкүгө чейин бүдөмүк боюнча калып отурат. Андан кийин Эркин экономикалык зонага директор, андан кийин президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болгон. Андан кийин “Манас” аэропортуна президент болгон. Бул жерди Атамбаевге энчилеп бергенден кийин Бишкек шаарынын мэри болду. Албек Ибраимов эл арасында Эркин деген ат менен белгилүү. Ал ошо алабарман адам. Бишкек шаарынын мэрлигине келгенде Бишкек гор.кеңешинин депутаттарына айткан, “шайласаңар-шайлабасаңар дагы мэр болдум, мени президен жөнөттү” деп. Анан ошо алабармандыгына салып, Өкмөт мүчөлөрүнүн кээ бирлерине, досторуна “Президентке мен үй куруп берип жатам”-деп мактанып айтат экен. Текшерип алса болот. Эмне үчүн мен силерге пресс-конференция берүүнү чечтим? Бул маалыматтар азыр официалдуу эмес маалыматтар. Биз депутаттык суроо-талабыбызга жооп келгенден кийин, алар официалдуу маалыматка айланат. Эми булар изин жашырганга аракет кылышат. Чиновниктер жооп бербей качышат. Ошондуктан, мен эл алдында ачык айтып, бул иштин жүрүшүн коомчулук менен кошо алардын жардамы менен кошо көзөмөлдөсөк деген оюбуз бар. Депутаттан, менден качып кутулушу мүмкүн. Бирок элден качып кутулбайт. Эгерде ушул чиновниктер, ушул кагазы менен эртең саат 10до келбесе качып жаткандыгынын белгиси. Мен Укуев Анарбек Акматовичке силер аркылуу кайрылып койгум келет. Анарбек! Азыр эми сени таап, ар кандай сөздөрдү айттырышы мүмкүн: “Даниярды да тааныбайм, Ширшовду да тааныбайм, жөн эле ушуну сатып алып койгом”-депчи. Медет Садыркуловду өлтүргөн адамдарды дагы жалган көрсөтмө алып, авто-кырсык деп, соттоп жиберген. Бакиевдер кызматтан качкандан кийин биринчи жасаган иши, изин тазалап, ошолорду таап 15 бычак сайып өлтүргөн. Атамбаев түбөлүк олтурбайт. Өзү айткандай 1 жылдан кийин кетет, балким ага чейин кетип калышы мүмкүн. Ошондуктан, Анарбек сен ойлонушуң керек. Жалган маалымат бергениң менен чынын айтып койбосун деп сенден биринчи кутулат.. Эми бул маселеде башка да күбөлөр толтура. Ошондуктан менин бул Анарбекке түз кайрылуум болду. Урматтуу журналисттер, эртең саат ондо адаттагыдай биздин фракциялардын жыйыны өтө турган залда жолугабыз. Мен Сарпашев Тайырга, ошол жер, качан, кимге, кантип катталгандыгы жөнүндө официалдуу маалымат азыр жөнөттүм. Ал кнопканы басса эле чыгат. Ага эки күн күтүштүн кереги жок. Эртең ал бизге маалыматты алып келиши керек. Эми тазалап, башка кылып койгон күндө деле, Атамбаевдин ал жерде үй куруп жаткандыгын эч жашыра албайт. Аскер кайтарып турат. Жол курулуп жатат. Эч ким жок деп айткан жок. Бүт Кой-Таштыктар ал жер 2010-жылы апрелде басып алынган, 5 жылга чейин эч кимди киргизбей олтурган деп айтып атат. Алар ачык айталбаганы менен, урматтуу журналисттер, барсанар жөн сүйлөгөндө эле айтып берет. Биз алардын бирөө-экөөлөрүн бул жерге алып келгенге да аракет кылдык. “Жок, бул жерге алар жашатпай коёт”-деп коркуп, алар айтып чыкпай жатышат. Бирок, мен ойлойм, арасынан убагы келгенде айтып чыга турган адамдар болот, анткени бүт айыл билет. Аны жашырыш мүмкүн эмес. Мен дагы бир жолу айтам, менин айткандарым азырынча официалдуу маалымат эмес, тиешелүү бийлик органдарына жөнөткөн суроо-талабыма жооп келгенден кийин официалдуу маалымат катары кабыл алсак болот. Ошондо бул “жорукка”, мен муну жорук деп баа берем, саясий жана юридикалык баа беребиз. Азыр мен саясий да жана юридикалык да баа бергенден алыс болуп турайын. 2010-жылы Бакиевдер “түшпөс хандай” болуп турган. 40-50 жылга келди деп баарыбыз ишенип турганбыз. Алар жок! Аларды жандап, камчысын чаап жүргөн адамдар өмүр бою кесилишти. Бозгун болуп, Кыргызстандан качып, бала-чакасына чейин элдин каргышы тие турган болду. Бүгүн тергөө органдарына көрсөтмө берип, тигини тап, муну тап, жок болсо жаса деп көрсөтмөлөрдү берип жатат. Мен күч органдарын, тергөө органдарына эскертким келет. Эртең жооп бересиңер!”

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: