Достор!
Быйылкы Бишкектин борборундагы жаңы жылдык балатыны кооздоого 7 млн сом бөлүнгөн имиш! Мэр Азиз Суракматов ушинтип айтып жатат.
Бүгүнкү күндө кыргыздын 6 млн калкы ач отурса, мамлекетибиз итке минген кедей болсо, экономикалык кризис алкымдап турса, шаарларыбыз өнүкпөй, борбор азиянын артта калган өлкөсүнө айланып баратсак, аркы өйүз – берки өйүз болуп, жаакташып жатсак, көзгө басаар музейибизде абийири кеткен кыздарыбыз чечинип атса, аларды 68 жашка чыккан кемпирлер колдоп чыкса, анан, кайсы арыбызга 7 млн коротуп, майрамдайбыз. Элдин байлыгын кайда чачып атышат? Муну текшерүүчү орган барбы? Мындай ысырапкорчулукка “токто” дечү бийлик кана өзү???
Манас Осмон, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ