Эртең, 11-декабрда Ош шаарынын эки кичирайонунда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда “Ошэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, ТП-886 көмөк чордонунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы болбойт. Анар жана Төлөйкан кичирайонунда, саат 12:00дон саат 14:00го чейин эки саатка өчүрүлөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ