Menu

Видео – Азамат Жаманкулов, маданият министри: “Мени эч ким коркуткан эмес”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-декабрда, “Белгилүү маршрут” акциясы Бишкектеги Кыргыз драма театрынан башталып, ал жолун улантууда. Ал жерге ак элечекчен апалар, белгилүү укук коргоочулар жана активист жарандар келишти. Алар маршруткага түшүп, ар кайсы мекемеге жана коомдук жайларга барып, эл менен жетекчилик менен жолугушууда. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен жолугушту.

Азамат Жаманкулов уюшулган иш-чарага келип, өзүнүн пикирин билдирди. Ал феминналеден кийин ар кандай пикир кагылышуулар болуп кеткенин айтып, илгертен келаткан улуттук салтыбызды, баалуулугубузду сактап, кийин муунга татыктуу өткөрүп берүү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле ал маданиятты “улуттук жана күндөлүк” деп экиге бөлүп, анын маанисин түшүндүрүп берди. Дүйнөлүк маданияттын жакшы жагын гана кабыл алуу керектигин айтып, жакында эле япон футболчуларынын маданиятын мисал келтирди. Алардын жакшы жагын кабыл алып, биздин да көрүүчүлөр футбол көргөндөн кийин ордуларын тазалап кеткенин кубануу менен кабыл алганын айтты.

Андан кийин журналисттер Роза Отунбаеванын айтканын сурашты. “Сизди бирөөлөр келип, коркуттубу? Роза Отунбаева сизди жаштык кылды, аны коркутуп койсо эле Мира Жангарачеваны кызматтан алып салды”,-деди”,-деген суроого ал аны эч ким коркутпаганын айтты.

Азамат Жаманкуловдун айткандарын төмөндөгү видеодон көрсөңүз болот:

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Дал ошол күнү жат көрүнүштөргө каршы акцияны Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында болуп, аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген. Анын эртеси, 3-декабрда министр Азамат Жаманкулов жат көрүнүшү жок феминнале улана турганын билдирген. Ага чейин ал тууралуу Роза Отунбаева оюн айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: