Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт алдыдагы кыш мезгилин туруктуу жана ишенимдүү өткөрүүнү камсыздайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 13-июлда, 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине Кыргыз Республикасынын калкынын жана экономикасынын даярдык көрүү боюнча республикалык штабынын жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдануу үчүн жыл сайын Өкмөттүн тийиштүү токтому чыгарылат, анын долбоорун даярдап жатканда ал боюнча сунуштарды министрликтер, ведомстволор, энергетика компаниялары киргизишет. Жылуулук мезгилине чейин күн мурдатан даярдык иштери жүргүзүлөт. Ошого карабастан тапшырмаларды аткаруу мөөнөттөрү кечигип, кээ бир тапшырмалар такыр аткарылбай калып жатат.

«Жыл сайын, жылытуу мезгилине жооптуулар толук даярдык тууралуу баяндашат. Бирок Бишкек ЖЭБиндеги окуялар айрым жетекчилер өз милдеттерин аткарууга жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатышканын көрсөттү. Кыштын катуу суугунда шаар жылуулуксуз калганы коомчулуктун эсинде. Биз жылуулук мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүүбүз зарыл», – деди Премьер-министр.

Ал ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2018-жылдын 1-июлуна чейин бюджеттик уюмдар үчүн отун сатып алууга конкурс өткөрүү, келишимдерди түзүү тапшырмалары берилгенин белгиледи.

Жылуулук мезгилине энергетика тармагын даярдоо маселесине тийиштүү Премьер-министр бөлүштүрүү компанияларынын электр жоготууларды кыскартуу боюнча ишинин жетишсиздигин ырастады.

«Жыл сайын, жылытуу мезгилине даярдануу боюнча токтомду иштеп чыгууда электр энергиясындагы жоготууларды азайтуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилет. Бирок бул эч качан аткарылбай келет. Жоготуулар – компаниялар албай калган киреше, аны энергетика тармагынын өндүрүштүк муктаждыктарына жумшаса болот эле да. Акча тартыш болуп, кредиттерди төлөө керек болуп турган шартта коромжулукту азайтуу маселесине күн сайын айрыкча көңүл буруу зарыл», – деп өзгөчө белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев жана дебитордук карызды кыскартуу ишин күчөтүүнү, ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдү жоюуну тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле Бишкек ЖЭБиндеги курулуш маселелерин дагы козгоду.

«Жылуулук борборундагы бардык иштер белгиленген мөөнөттө аякташы кажет. ЖЭБдин от казан цехинин башкы корпусунун имаратын оңдоо иштери, анын ичинде чатырын алмаштыруу, терезелерге айнектерди коюу, ошондой эле от казан агрегаттарынын импульстук линияларын жылуулоо графиктен кечиктирилип жатканы байкалат. Бул «Электр станциялары» ААКнын жетекчилиги тарабынан кетирген олуттуу кемчилик деп эсептеймин жана Улуттук энергохолдинг тарабынан талаптагыдай көзөмөлдүн жоктугунун белгиси», – деди Премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө министрликтердеги жана ведомстволордогу  кырдаал тууралуу баяндамасы менен Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов сөз сүйлөдү.

Ал билдиргендей, жалпысынан республика боюнча электр энергиясын пайдалануу үстүбүздөгү жылдын апрель-июнь айларында 2,351 млрд кВтс түзгөн.

«Бул пландык керектөөнүн бекитилген деңгээлинен азыраак. Үнөмдөө 12 млн кВтс түздү. Жылуулук мезгилин өткөрүү үчүн эки миллион тонна көмүр даярдоо керек, бул бюджеттик уюмдарга, калкка жана Бишкек шаардык ЖЭБине», – деди Улан Рыскулов жана республика боюнча көмүр саткан 681 база жана пункт бар экенин белгиледи.

Өкмөт башчы «Кыргыз көмүр» Мамлекеттик ишканасына калкка көмүрдү ыкчам жеткирүүнү камсыздоону тапшырды.

«Ар бир отун базасы көмүр менен камсыздалат. Ал эми баалар антимонополдук орган тарабынан белгиленген ченемден ашпоого тийиш. Ошондой эле көмүр кендерин иштеткен компаниялар менен тиешелүү иштерди жүргүзүү зарыл. Жакынкы калктуу пункттардын жашоочуларына жардам берүү үчүн алардын социалдык милдеттеринин болушу шарт», – деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйынтыгында Премьер-министр мамлекеттик органдардын жетекчилерине маселелерди чечүү максатында Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү менен биргеликте аймактардагы жер-жерлерге чыгуу менен кырдаалды көзөмөлдөө тажрыйбасын колдонууну милдеттендирди.

«Даярдыкка жооптуу адамдардын пландуу, күнүмдүк иши жана министрликтердин, ведомстволордун, облустардагы Өкмөттүн өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катуу көзөмөлү гана алдыдагы кыш мезгилин туруктуу жана ишенимдүү өткөрүүнү камсыздайт», – деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: