Menu

Бабановчулар Атамбаевге каяша айтышты

Бөлүшүү:

“Республика” партиясынын мүчөсү Канат Мидин уулу Атамбаевдин Бабанов боюнча айтканына пикирин мындайча билдирди: “Кыргызстанга Кант авиабазасы аркылуу кайтып келгениңизден кийин “Өмүрбек Токтогулович президенттикке талапкер катары ыраазычылык сурап, коңшу мамлекетке барган. Балким бир гана ыраазычылык сураган эмес чыгаар. Мен муну тура көрбөйм”, – дедиңиз.

Биз сизге тийишпейбиз, тийишүүнү деңгээлибизден ылдый турат деп эсептейбиз, а сиз Өмүрбек Токтогулович Бабановду жаманатты кылуудан чарчабайсыз. Ошондуктан, мен сизге кайрылууну чечтим.

Сөзүңүзгө караганда, сиз өзүңүздү Жаратуучу катары эсептейт окшойсуз, бир гана сиз башкаларды жамандап, каралап, сөгүп-сагасыз. Сиздин бул мүнөзүңүз президенттиктен кеткениңизден кийин өзгөрөт го деп ойлогонбуз, бирок жаңылган экенбиз. Сиз Өмүрбек Бабанов шайлоо алдында Нурсултан Назарбаевге жолукканын бир гана ыраазычылык алуу үчүн эмес, акча маселесине да байланыштырыптырсыз.

Кыязы, сиз баарын өзүңүздөй ойлойт окшойсуз. Бирок, сизди капа кылып коёюн, элдин баары сиз эмес”, – деп жооп каяша кайрыды Канат Мидин уулу.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: