Menu

Өзбекстан: ишкер өрт койгон акимдин орун басарына кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Яккабаг район башчысынын орун басары Мансур Туймаев (солдо).

Өзбекстанда Кашкадарыя облусундагы Яккабаг районунун акиминин орун басары Мансур Туймаевге каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал ыйгарым укуктарына кирбеген аракеттерге барган деп айыпталууда.

20-июлда Кашкадарыя облусунун Яккабаг районунда жергиликтүү ишкер насыяга курулган эки кабаттуу үйү менен цехин сактап калууга аракет кылып, акимдин орун басары Мансур Туймаевге бензин чачып, өрт койгон. Күбөлөрдүн айтымында Туймаев ишкердин үйүнө жыйырмага чукул милиция кызматкери менен барган. Бульдозер айдоочусу имаратты түрттүрүүдөн баш тарткан соң, аткаминер иштеп жаткан бульдозердун багытын ишкердин дүкөнүн көздөй бурган. Ошол маалда ишкер Туймаевге бензин чачып, ширеңке чагып жиберген.

Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин маалыматына караганда, бул окуя иликтенгенден кийин райондун акими Шохмурод Донаев менен жергиликтүү прокуратура башчысы Жамшид Халилов иштен алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: