Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан жана Россия жаш лидерлери Форумунун катышуучулары менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Россия жаш лидерлери Форумунун катышуучулары менен жолугушуп, алар менен эркин маектешти.

Мамлекет башчысы Россия Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга визитин, анда эки тараптуу кызматташтыктын көп маселелери, анын ичинде Кыргызстан жана Россия жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да талкууланганын эске салды.

Президент жаш лидерлердин Форуму эки өлкөнүн жаштарынын мындан аркы кызматташтыгы үчүн мыкты негиз болоруна ишеним билдирди.

«Бизди Россия менен тарыхый достуктун, союздаштыктын жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизденген ишеничтүү мамилелер байланыштырып турат.  Мен мурда бир нече жолу айткам, азыр да кайталайм: Россия — биз үчүн жакын, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш. Биз Россия менен бирге алга жылгыбыз келет, өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн биздин мамилелерди өркүндөткүбүз жана бекемдегибиз келет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал эске салгандай, Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий визитинин алкагында эки өлкөнүн ректорлорунун Форуму, ошондой эле региондордун Форуму өттү, жалпы суммасы 6 млрд АКШ долларынан ашкан макулдашууларга кол коюлду.

Президент маектешүү учурунда өзүнүн жаш лидерлер менен Ысык-Көлдө жолугушуп жатканы символикалуу экенин баса белгиледи. «Улуу жазуучу гуманист, философ, планетардык масштабдагы инсан, биздин атактуу жердешибиз Чынгыз Айтматов Ысык-Көлдүн жээгинде иштегенди жакшы көргөн. Анын „Ар бир адамдын алдында милдет бар — ал бүгүн, эртең жана ар дайым адам болуу“ деген сөздөрү ар бирибиз үчүн актуалдуу. Бүгүн Көл боюнда Кыргызстандын жана Россиянын лидер жаштары чогулушту. Силер бүгүн тарых жасап жаткан жаштарсыңар. Силер биздин өлкөлөр ортосундагы жемиштүү кызматташуу салттарын улантасыңар деп ишенем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Мага сиздердин Форум ийгиликтүү өткөнүн, билим берүү, маданият, туризм багыттары талкууланганын, элет жаштарынын региондорду өнүктүрүү ишиндеги ролу тууралуу маселелери көтөрүлгөнүн айтышты», — деп белгиледи Президент жана Форум эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө түртку болоруна ишеним билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаш лидерлерге ак жол, бекем ден соолук жана бак-таалай каалап, жаштык бир жолу келерин, ошондуктан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай өз долбоорлорун, пландарды жана мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга жетишип калуу керек экенин эске салды.

Жолугушууда «Россия жаштар союзу» жалпы россиялык коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Татьяна Селиверстова жана Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай Улуттук Коомунун президенти Азамат Баялинов чыгып сүйлөштү.

Алар Форумдун алкагында бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлганын, ишкерликти өнүктүрүү, туризм, волонтерлук, региондордогу жаштардын ролун жогорулатуу чөйрөлөрүндө кызматташуу тууралуу макулдашууларга жетишилгенин айтышты, Кыргызстандын жана Россиянын жаштары бардык пландарды жана макулдашууларды биргелешип ишке ашырууга даяр экенине ишендиришти.

Кыргыз-Россия өнүктүрүү банкы чакан жана орто бизнести баштоочулар үчүн стартаптардын алкагында ишкерликти өнүктүрүү боюнча жаштардын демилгелерин колдоп, 70 миллион сом бөлгөнү белгиленди.

Жолугушуунун соңунда бирге сүрөткө түшүп, Форумдун катышуучулары Президентке символикалуу белектерди тапшырышты.

Жолугушууга Россиянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко да катышты.

Эске салсак, Форум өз ишин 25-июлда Бишкек шаарында баштап, 30-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында уланат. Уюштуруучулар: РФ Жаштардын иштери боюнча федералдык агентчилик жана КР Жаштардын иштери, дене тарбиясы жана спорт мамлекеттик агенттиги.

Форумдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы кайчылаш жылы — 2020-жылга карата иш-чаралардын планын иштеп чыгуу болжолдонууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: