Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 33 жаштагы эркек адам сабалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 20-апрелде, болжол менен саат 22:20 чамасында, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө тез жардам кызматы аларга денесинен оор жаракат алган бир адам түшкөнүн кабарлаган.
Ыкчам тергөө тобу ошол жерге жөнөп, Бостери айылынын 1987-жылы туулган С.М.аттуу жаранды спорт жана ден соолукту чыңдоо комплексинин имаратында белгисиз адамдар тарабынан сабалгандыгын аныкташкан. Ал башынан жана денесинен алган жаракаттарынан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Материалдар Ысык-Көл РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Учурда кылмыштын күнөөкөрлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ