Menu

Видео – “Жети дубан, кырк уруу жана кыргыз ынтымагы” коому: “Роза Отунбаеванын экс-президент макамы алынышын талап кылабыз!”

Бөлүшүү:

“Жети дубан, кырк уруу жана кыргыз ынтымагы” коомдун мүчөлөрү экс-президент Роза Отунбаеванын айткан сөзүнө нааразы болуп чыгышты. Алар өткөн бийликти (Убактылуу өкмөт) катуу сынга алып, Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачаарында сүйлөгөн сөзү тууралуу жана феминнале боюнча пикирлерин видео аркылуу билдиришти. Алардын коомчулукка кайрылуусу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда.

Алардын айтымында, 28 жылдан бери келаткан саясатчылар бийликке же байлыкка тойбой, кайра эле бийликке жүткүнгөндөр, алар өткөн ыңкылапка жооп берип, жоопко тартылышы керек. Ошондой эле аталган коомдун мүчөлөрү Роза Отунбаеванын экс-президент макамынын алынышын жана кыргыз элин кемсинтип сүйлөгөн сөзү үчүн жоопко тартылышын талап кылышкан.  Алардын айткандарын төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, 3-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» аттуу китебинин бет ачарынын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы “Дамас” отелинде болуп өткөн. Ага экс-президент Роза Отунбаева барып, сүйлөгөн. Андагы сүйлөгөн сөзү төмөндө:

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал кечээ, 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Ал иш-чарадагы жат көрүнүштөргө каршы акцияны 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурган. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген. 3-декабрда министр Азамат Жаманкулов жат көрүнүшү жок феминнале улана турганын билдирген. Ага чейин ал тууралуу Роза Отунбаева оюн айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: