Menu

Ибраим Нуракун уулу: “Сүйүктүү жубайым, эки кичинекей баламдын анализи да жакшы болсо экен деп, Кудайдан тилеп олтурам”

Бөлүшүү:

Коронавирус менен ооруп жаткан ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу ал менен жакын иштеген кесиптештеринин жана Каныбек Иманалиев менен Акылбек Жапаровдун да ПЧР-тести “таза” чыкканын айтып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн тапшырган анализдери дагы таза чыгышын кудайдан тилеп жатканын айтты. Бул тууралуу ал 19-июнда Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

“Урматтуу досторум, кечээтен бери жакшы каалоо-тилектериңиздерди аябапсыздар, ыраазылык билдирем. Учурда Токмок шаарындагы ооруканада дарыланып жатам. Түндө “Маша и медведь” мультфильминдегидей тез жардам унаасы менен ушул жакка алып келишкен. Унаа, имараттар эски болгону менен биздин врачтар түз маанисинде эле алтын экен. Демим кысылып баштады эле дароо капельница коюп, абалымды жакшыртышты. Эки мед айым, эки врач тынымсыз кароого алууда. Абдан сылык, бетин көрө албайм, бирок үндөрүндө оптимизмдин духу сезилип турат. Доктурларыбыздын талыкпас эмгегин карап туруп эле айыгып кетчүдөйбүз, буйруса.

Ал эми мени ушул тапта бакытка бөлөп турган дагы бир жаңылык, жумушумда жакын иштеген кесиптештеримдин бардыгынын ПЦР-тести таза чыкты. Өткөп аптада “Парламентаризм сабактары” талкуусуна катышкан эки депутат Каныбек Иманалиев менен Акылбек Жапаровдун дагы анализдери таза чыкты. Жаңы эле кесиптештерим ушул жаңылыкты айтышып, чексиз кубанычка бөлөштү. Дене табым бир аз эле көтөрүлөөрү менен үйдөн чыкпай иштегеним эң туура кадам болгон экен. Эми сүйүктүү жубайым, эки кичинекей баламдын анализи да жакшы болсо экен деп, Кудайдан тилеп олтурам. Оорубаңыздар, достор!” – деп жазган Ибраим Нуракун уулу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: