“Паспорттогу “улуту” деген графаны алып салыш керек, өнүккөн бардык мамлекеттерде бул графа жок”, – деп билдирди бүгүн, 1-августта Ысык-Көлдө берген маалымат жыйынында Алмаз Атамбаев.
“Азыр паспорттогу “улуту” деген графаны бетке кармап, өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга аракеттерди жасашууда. Мунун бизге керек дегендердин ана башында Шамшыбек Медетбеков турат. Ал кезинде Кадыржан Батыровдун партиясынын тең төрагасы болчу. Дал ушул адам улутубузду жоготуп алабыз деп айгай салууда. 2010-жылдагы окуяларга айрым өлкөлөрдүн атайын кызматтары да киришкенин билем” -деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ