Menu

Чыңгыз Айтматовдун – ааламы

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 22-23-24-июнь күндөрү көгүлтүр Ысык-Көлдүн боюнда “Pyx Ордо” маданий жайында атагы ааламга тараган жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, республикалык деңгээлде илимий конференция болуп өттү. Атабыз Айтматовго арналып быйылкы жылы бир топ эле конференциялар өттү. Бирок бул илимий конференция башка эскерүү, конференциялардан айырмаланып протоколдук негизде эмес, эркин багытта өттү. Дегеним, башка конференцияларда чыгарылгандар министрликтен, өкмөттөн, президенттик аппараттан жана дагы башка бийликтин бийик эшелонундагы чиновниктерден турса, бул саам андайга жол берилген жок. Айтматовдун чыгармалары кандай эркин болсо, бул конференция да эркин болуп, катышуучулар чиновниктер эмес, өсүп келе жаткан жаштарыбыз, мектеп окуучулары болду. Жыйынды уюштуруу комитети түзүлүп, эки чылбыр, бир тизгинди бек кармап, төрагалыкты Айтматовдун замандашы академик Жаныбек Шаршеналиев өз колуна алса, анын орун басарлыгына мына ушул республикалык конференцияны өткөрүүнү өз колуна алып, уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде алып барган Кемин районунун акими Жумгалбек Дүйшөбаев шайланыптыр. Ал эми жооптуу катчы болуп бул конференциянын катышуучуларынын барганынан келгенине чейин тамак аш, жатакана, экскурсия сыяктуу ар кандай маданий эс алуу жагыи колдоп-коштогон меценат, медицина илимдеринин доктору, профессор Бейшеналиев Алик мырза дайындалыптыр.

Конференциянын жүрүшүндө регламент бекилип, докладга 10 мүнөт, талкууга 3 мүнөт берилди. Алгач сөздү уюштуруу комитетинин төрагасы, академик Шаршеналиев Жаныбек Шаршеналиевич алып, “Чыңгыз Айтматов-биздин замандаш” деген темада доклад окуп, Айтматовдун ааламын дагы бир ирет даңазаласа, Кыргыз Эл Баатыры, академик Мамытов Миталип Мамытович – “Айтматов ааламы – жан дүйнөнүн жарыгы” аталыштагы докладын, улуу жазуучу Айтматовдун окуучусу, азыркыча айтканда айтматовед, академик Акматалиев Абдылдажан Амантурович – “Чыңгыз Айтматовдун – ааламы” деген темада доклад окушса, профессор, математик, тарыхчы Керимкулов Акылбек агай – “Айтматовдун миң кайрыгы”, УИАнын мүчө корреспонденти, Жогорку аттестациялык комиссиянын мурунку жетекчиси Мавлянов Абдыш агайыбыз – “Кыргызстандын экология проблемалары Айтматовдун чыгармаларында”, адабиятчы, эл аралык Чыңгыз Айтматов премиясынын лауреаты, журналист Абибилла Пазылов агайыбыз -“Чыңгыз Айтматов – публицист, журналист” деген темаларда жаштарыбызга Айтматов тууралуу кызыктуу докладдарын окуп берди.

Жаштарыбыздан да уучубуз кур эмес экен, КАхунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери Тойчуев Максат, Төрөкова Акылай, Казыбекова Канзада, Мирланова Гүлайым, Ибраимов Алихан, Абдыкеримов Аскат, Ыкынова Гулистан, Кубанычбек кызы Назгүл, Кемин районундагы Б.Юнусалиев жана К.Шаболотов атындагы орто мектептеринин алдыңкы окуучулары Айтбаева Айдана, Шаршеева Алиялар жогорудагы агайларынан кем калбаган докладдарын жасашты. Андан тышкары Кемин районунан барган мектеп окуучулары Айтматовдун бардык чыгармаларынан үзүндү тартуулап, көргөндөрдүн көзүнө жаш алдырды.

Жалпысынан алганда, бул республикалык илимий конференция жогорку деңгээлде өттү десек жаңылышпайбыз.

Булак: “Фабула”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: