Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов Маданият министрлигин сынга алды. Ал бул туурасында “Фейсбук” баракчасына: “Маданият министри ооруп жатыптыр, ордунда Секимов деген неме экен. Секимов, сенсиребей сүйлөгөндү үйрөнүп алыңыз, бешигимди терметкен эмессиз! Мен Кыргыз Республикасынын туризм тармагын Корея Республикасына жарнамалоо үчүн силерден брошюра, плакат сыяктуу маалыматтарды сурап кайрылдым. Мекенибиздин туризм тармагын даңазалоо боюнча каттарыбызга 1 да жолу жарытылуу жооп жазбаганыңар аз келгенсип, тигиге телефон чал, буга телефон чал дейсиз. Тармактын жетекчиси катары эң биринчи бул сиздин милдетиңиз”, – деп жазды. Буга чейин Кылычбек Султан «Элчилик аэропорттон адамдарды тосуп алуу менен алектениши керекпи?» – деп ТИМди сындап, Тышкы иштер министрлигинин «шашылыш» деген белги менен 6-февралда Кыргызстандан бара жаткан делегацияны тосуп алуу боюнча жөнөткөн катын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган болчу.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ