Menu

Депутат аялдын жеке жашоосу чуу жаратты

Бөлүшүү:

Акыркы кездери ааламда деле абал жакшы эмес. Дегеним Грузин парламентинин депутаты, бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын мүчөсү Эка Беселия “моралдык террорго” кабылганын айтып чыкты. Жакында эле Интернеттеги социалдык тармактарда анын жеке жашоосуна байланыштуу видеотасма жайылып кеткен. Бул тууралуу депутат: “Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин баарына каршы чыкканым үчүн кимдир бирөөлөр ушундай ыплас жолду тандашты”, алар менден “өч алып жатат” деп түшүндүрдү. Андан көп өтпөй эле “Фейсбук” социалдык тармагындагы баракчасына “Эми менден абайлагыла!” – билдирүүсүн калтырган. Анда депутат айым өз постун андан ыплас жол менен саясий өч алууга белсенгендерге эскертүү катары багыттаган.

– Ушундай ыплас жол менен таркатылган видеонун мазмуну тууралуу эч нерсе айта албайм, милдеттүү да эмесмин. Бул жеке жашоого кийлигишүү жана жашыруун камера менен жеке адамдын жашоосун тартуу. Муну менен эч кимдин иши болбошу керек, жеке жашоого кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок, – деп жазат Бесилия.

Билдирүүдө видеотасмалар бир нече жыл мурда Михаил Саакашвилинин бийлигин тушунда тартылганы айтылган.

2008-жылдан бери парламенттин депутаты болуп келген 48 жаштагы Бесилия бир ай мурда Юридикалык маселелер боюнча комитеттин башчылыгынан кеткен.

– Силер мени эч токтото албайсыңар, силер менин үнүмдү баса албайсыңар жана жоголуп кетүүгө мажбурлай албайсыңар. Силер, тескерисинче жаңы Эканы ойготуп алдыңар. Ал Эка өзүнө ишенет жана өтө жоопкерчиликтүү. Аялды өзүнөн башка ким мыкты коргой алмак эле?, -деди 28-январда “Фейсбукка” жазган билдирүүсүндө.

Булак: «Факты»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: